www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1815-жылы туулган Куттуксейит уулу Шамен Ормон хан болгон учурда жаш болсо да азыркы Тышкы иштер министринин ролун аткарып, кошуна Кокон, Бухара, Казак хандыктары жана Кытай императору менен мамиле түзүүгө далалат кылган.Ормон хан болгон жылы же тарыхий жактан такталган 1841-жылы Шамен болгону жыйырма бир жашта болгон. Жаш болсо да Ормондун ишенимине жарап, мойнуна тагылган милдеттерди аткарган. Ормон хандын өлүмү көп кан төгүүлөрдүн башы болуп келген. Отуз беш жаштагы Шаменди керээз боюнча Ормон кунду чечсин деп кеткен. Бирок ортодо бугу-сарбагыш чабышы чыгып кеткен. Салгылашка кеткен сарыбагыштар дайыма ызы-чуу, өкүрүк менен кайтып келишчү дейт. Бул салгылашты сарбагыштар баштап, сарбагыштар көп кырылып калгандай.
Ормон хан болгондо өзү Орто-Токойдо калып, өзүнүн бир туугандарын чек ара бойлотуп, көчүргөн. Бердибек, Бердикожо, Субанга (Адыл) Нарын аймагы туш келген, Ажы (Касымалы), Шатенге Ак-Талаа, Ырыскулбек (Чоко, Казы), Кожобек Ат-Башыга кетишет, алар менен бирге азык, моңолдор жана башка уруулар бөлүнүп бирге кетишкен. Кочкордо Ормон хан менен анын чоң атасы Эсенкулдун тукумдары, борукчу эли калган. Революциядан соң манаптын балдары бийликтен четтетилип, кулакка тартылып, сарбагыштын таасири Кочкордон башка аймактарда түшүп калган. Шамен менен Ормондун аталары бир тууган.
Ормон убагында аз да болсо мамлекет катары тартип орногон. Ал эмес кыргыз-кытай чек аралары такталып, Кытай бийлиги Ормон хандын мамлекетин таанып, мамлекет аралык мамиле түзүү максатында Шамен баш болгон кыргыздардын алгачкы делегациясы Үрүмчүдөгү кытай бийликтери менен чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ормон хан кыргыздар Орусиянын курамына кошулганга чейин эле чүрчүттөрдү чүлүктөп, кытай менен кыргыздардын чек арасын тактап койгон экен. Кытай-кыргыз чек арасын ошондо эле Ормонхан тактаган. Орус баскынчылары барына макул эле, кытайлыктар Нарын бойлой чек ара бөлөлү дешкен. Кийин Шамен баш болгон кыргыз мыктылары мындай келишимге макул болбой каршы чыккан. Ошол чек ара бөлүү иштерине Эсенбай да катышып, Кытай азыркы чек ара менен жер бөлүшүү такталган.
Шамен Төрөгелди баатырды көп деле теңине алчу эмес экен. Заманында Шаменди Солтонун ханы Байтик Бос –Бөлтөккө мейманга чакырып калат. Жайдын толук чилдеси экен, Аламүдүн дарыясы күкүктөп, ылай аралаш кара кочкул болуп кирип жаткан учур экен. Ал мезгилде азыркы Бишкек калаасынын орду ээн талаа, Аламүдүн, Ала-Арча дарыялары ээ бербей жайында шарактап агып турган. Туш келди жерден Аламүдүн дарыясын кече алышпай сайроон издеп, суу ылдый жүрүп отурушуп, азыркы Ахунбаев көчөсү ченге жакын жерден кечүү табышат. Илгери ата-бабалар үйгө кирип жай алганда, дасторконго карап ашка кол сунганда эле улуулук жолун тутунбастан, бардык учурда улуулук шартын бекем тутушкан. Шамен жигиттери менен баратып, Байтик баатырдыкына жигиттери менен бараткан Төрөгелди баатыр менен жолугушуп бирге жөнөшөт. Улуулук шартын бийик урматтаган Шамен Аламүдүн дарыясын кечкенде улуулук наркы боюнча Төрөгелди баатырга жол берет,ал озунуп жол баштап, күрүлдөп өзөн жаңыртып турган Аламүдүн дарыясына кире бергенде эле, суу тизеге жаба берет. Минген аттары чыгаан жүрүштүү, албеттүү жана карылуу болгондуктан, мындай дарыялардын далайын кечкен ишенимге жеткендиктен Төрөгелди баатыр жайбаракат бастырып, суунун аркы өйүзүнө өтүп, артын кылчайып караса, Шамен камчысын бүктөй кармап, камчы менен суунун үстүн шапшып турган экен. Аны карап Төрөгелди баатыр: “Ой, Шамен баатыр эмне тили жок күргүштөп аккан суунун ортосуна туруп алып ойлонгонсуп турасың? Бирдеме сездиңби?” –дейт.
“Төрөгелди баатыр. Сиз байкоо салбай кечип кеттиңиз, шаштыңыз окшойт. Мына бул суу добуш менен күңгүрөнүп, сыр берип агып жатат. Буюрса, ээн жаткан ушул дарыянын эки өйүзүнө келечекте чоң шаар салынып, эл жык отурукташат экен “ –дептир. Шамендин айтканы төп келип, ошол мезгилде ээн жаткан Аламүдүн дарыясынын эки өйүзү тең эл жык толгон чоң шаар Бишкекке айланыптыр.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ