www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каройдогу чоңчарык эли Карагул баатырдын тукумдары. Карагул казактын Сан-Барак, Абылай хандары Талас, Чүйдү басып киргенде, жоого каршы аттанган Эсенгулдун кол баштаган жигиттеринин бири болгон. Ал Шамендин таятасы. Бир кызы Үкү апаны Эсенкулдун Куттуксейит деген уулуна берген. Андан учурунда топ жарган Шамен туулган. Казактар Жайыл кыргынын салып, Чүйдү жамырап каптап киргенде, жанын аябай салгылашып, азыркы Токмокко чукул тоонун этегинен кайтыш болгон. Карагул баатырдын өлүгүн айрымалай албай турганда жакындарынын эсине түшүрөт, көрсө Карагул атабыз шашып шымын ууктун боосу менен курчанат, аны боосу аркылуу табышат, ал кайтыш болгон жерди анын көзү өткөн соң Карагул-Булак дешип, Токмоктогу сарбагыш туугандар азыр да ыйык мазар катары көрөт. Ууктун боосун тагынып Карагул бабабыз өткөн. Илгери Карагул-Булакка жакын сарбагыштардын көрүстөнү болгон, бир ирет өлүк коюп жаткан кези экен, Балбак баатырдын (Шамендин небереси, болуш) келе жатканын көргөн Шабдан баатыр ичи жылып: «Балбактар, топурак салышсын» -деп көмдүрбөй турат. Балбактар топурак салмак түгүл, урган боюнча өтүп кетип калышат. Көрсө Шабдандын ордун мээлеп жүргөн кез экен.
Айтылуу Шамен сөзмөрлүүгү жагынан алдына киши салган эмес, ал сүйлөп жаткан кезде тал башынан таранчы кулап, асмандагы куш токтогон дешет. Кыргызда «Баатыр алтоо, бай төртөө, кедей сегиз, бий жалгыз,кул тогуз» деген кеп калган. Шамендин чоң бабасы чынжырлуу манап Маматкул баатыр октон-чоктон кайтпастан, алды-артына, аз-көбүнө карабастан, жоо миң киши болсо да жалтанбастан, тоодон кулаган таштай зимирилип, жалгыз качырып, күндүз мейли түн болсун, тоо улуусу аң-кемерди көзгө илбестен, жоого тийип, жоону кайта-кайта аралап салышып, быт-чытын чыгарып качыраган. Аны «адам шери» деп атап эки ийнинде эки арстаны болгон дешет.
Шамендин бабасы Болот бий жанына жолдош албастан, алыс жакынга жеке өзү жүрүп баатырдык кылган. Жоосун жоолаган, калмактардан жеке барып тулпарын алып келген. Шамендин чоң атасы Эсенкул баатыр жоонун ыгына жараша урушуп, ыгы келген жерде жалгандан качымыш болуп, жоонун аты талып, өздөрү чарчагансып, бириндеп калган чакта кайта качырып, сайып алчу. Жоонун аз көбүн билиш үчүн «качырткы» салган. Жоо качырып, чарчатар жагын көздөгөн. Эгер жоодон чындап качып калса, аты чабал жолдошторун алдына салып, тандамал жигиттерин артына коюп,анын соңунан өзү түшүп, жоону жолдошторуна аралатпастан, улам-улам тосуп, согушуп, илгери жибкрчү эмес. Тоолуу бийик бер жер болсо, аттуу, жөөлүү болуп, ит урушка салып согушкан. Эгерде жолдошторунун аты жүрбөй калса, жоодон ат түшүрүп, аны мингизип ала жөнөйт. «Качсам да бир ат олжом бар, куусам да бир ат олжом бар» -деген макал калган. Эсенкул баатырдын жолдошторуна чоң пайдасы богондуктан, согушта мындай баатырларга каралап, аскер көп пааналайт. Эсенкул чыныгы баатыр болгон.
Шамендин атасы Куттуксейит жоодо жаралуу болуп калса, маселен колу сынса мойнуна тагып коюп, буту сынса канжыгага байлап коюп урушкан. Жарага өтө чыдамдуу болуп көтөргөн, башынан аккан кан көзүн көрсөтпөй каптаса шыпырып салып, согуша берген. Суусап кетсе, атынын терин жалап жүргөн. Куттуксейитти замандаштары «көкжал» деп аташкан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ