www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлүм деген эмне? Кетип жатат ал жакка, 10 жыл, 100 жыл, 1000 жыл толот, кайрылып келген ким бар? Дин боюнча акыр заман деген сөз бар. Качан акыр заман болгондо бейишке, тозокко бөлүнгөндөр келишет дешет. Арийне, акыр заман келчүдөй эмес. Эгер бул ишеним туура болсо, мен Шербетти бейиштен көрүп турам. Адамга эч зыяны жок, өзүнүн жубайы Алым менен кол кармашып, акындыктын туу чокусунда жүрөр эле. Мен билгени Алым Токтомушевдин үйүндө легендарлуу акын-жазуучулар маркумдар Аман, Беганас, Турар, Салижан, Жолон, Табылдылар үзүлчү эмес. Азыркы көзү тирүү, бирок убакыттын өтүшү менен улам карылык сапарына сиңип бараткан Кубат Жусубалиев, Айылчы Сарыбаев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Анатай Өмүрканов сыяктуулар Алым Токтомушев менен бир пикирдеги адамдар эле. Алым менен Шербеттин ортосунда эч үзүлбөгөн тема адабият дайыма жаңырып турар эле. Кийин Алым журналист катары саясатка аралашып кетти, бирок ошондо деле адабий тема эч үзүлгөн жок. Кыргыздын акын -жазуучуларынан тартып, дүйнөлүк классиктерге чейин ушул жерден маалымат алса болот эле.
Студент кезимде орус филологиясында окуучумун, булардын сөзүн тыңшап отуруп эле сабактарды кыйшаюсуз «5 ке» тапшырып кетчүмүн. Шербет эжекемди көп эле көрчүмүн, түн ичинде жатаар алдында бир сап ырга сөз таппай эле түйшүктөнүп отурчу. Анан бизди жаткызып коюп түнү боюу сөз издеп, толгонуп отурар эле. Кээ бирде таң аткыча издеп сөз таппай чыгар эле. Сөз тапкан учурда кубанычы чексиз болчу. Азыркы интернет учурунда сөздү минтип издеп отурсаң талаада каласың. Ким бат жана өтүүмдүү жазса мөөрөй ошонуку. Чындыгы Шербет эжеке ошол өзүнүн заманынын адамы экен. «Психология» деген сабактан Тыныстанова лекция окуучу. Көөп калган жогорку курстун студенти катары кыргыз экен деп ойлоп лекциясына катышканым жок. Көрсө күйөөсү Тыныстанов менен ажырашып кеткен, кыргыздын эркектерин жек көргөн, принципиалдуу орус экен. «Сени лекциядан көргөн эмесмин» деп мага баа койбой койду. Мен институтта окуп жүргөндө ушул сабактан гана кулап калдым. «Таанышың болсо танкасың, таанышың болбосо маңкасың» дегендей коррупциянын элдешкис душманы Алым жезденин бир элеси көз алдыга тартылат. «Педагогика» кафедрасында Тыныстанова менен бирге иштешкен кийин депутат болгон Жолборс Жоробековго айтып мени экинчи ирет кийирмей болду. Жездем мени ээрчип алды, эмгиче ойлосом күлкү келет Тыныстанова мобул деп көрсөтсөм сызган боюнча кетти. Кийин жолукканда айтат ырай -бешенесинен караганда колунан эч жакшылык келбеген аял экен деп.
Алым жезденин өлүмгө карата тубаса көз-карашы бар эле. Анткени, ал кездеги адамдарды социалисттик коом атеисттик принципте тарбиялаган. Алым Токтомушев улуу атеист болгон. Биз өлөбүз, ошол бойдон чирип жок болобуз, кайтып келбейбиз деп көп айтчу. Мен алардын качандыр бир убакта кайтып келүүсүн каалар элем! Мына Шербет эжекемдин суналган бойдон аркы дүйнөгө кеткенине тогуз жыл толуп, онунчу жылга кетип баратат. Ал кезде түнү боюу жанында отуруп, жаңы эле эс алууга кыйшайып, өмүрлүк жары коштошо албай кете бергенин билип, ботодой боздоп ыйлап отурган Алым да аркы дүйнөгө Шербеттин артынан кете берген...
Эки жүрөк, эки талант куюлушуп кумга сиңген суудай жок болушту. Кыздар поэзиясын бийиктикке көтөрүп чыккандардын бири Шербет Келдибекова 1949-жылы майда туулуп, 2013-жылы ноябрдын аягында көз жумган. Күздүн акыркы борошону акын Шербет Келдибекованы чын жайына учуруп кетти, көп өтпөй анын артынан эгиз козудай ээрчишип жүргөн Алым Токтомушев кете берди. Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекова ыр мухитине чөмүлүшкөн таланттар эле.
ХХ- кылымдын 70-жылдары жалаң кыргыздын таланттуу кыздарынан түзүлгөн поэзиянын мукам үндөрү жаңыра баштайт. Бул таланттардын добушу бир гана Ала-Тоодо эмес Москвада, Киевде, Варшавада, Прагада, Гаванада, Берлинде, Ташкенде, Алматыда, Ташкенде, Тбилициде, Бакуда, Минскиде, Ригада, Ашхабадда, Таллинде, Кишиневдо, Ереванда, Вилньюста, Белградда, Будапештте, Софияда, Дүйшөмбүдө, Улан-Батордо, Бухарестте, Ханойдо, Пхеньянда жаңырып турган. Кыргыз кыздарынын үнү алысты сермеп, жаңырып турганы сыймык эле. Шербет эжекемди тамашалап «Кемпирлер поэзиясынын өкүлү» деп койчумун, көрсө ал мезгилде жапжаш экен, азыр да жаш борйдон калды. Бирок жаштар үчүн анын өкүлдөрү насаат айта турган ак сакалдуулукка баратат. Кыргыздын «кыздар поэзиясы» тарыхта калды «кыздар» боюнча...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg