www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө алкагына саресеп салсаң баарынын телегейи тегиз дештен окчун болоруң анык. Анткени аалам чөлкөмүндө не деген жан кейиткен окуялар жүз бергенин маалыматтардан көрүп, билип жатабыз. Талкаланган Сирия, Ливанды, Ооганстанды айтпаганда да союз кезинде чогуу буламык жеген Украинада эмне болуп жатат дейсиң. Батыштын желесине оролуп алган бул өлкөнүн айрым шаарларында дале болсо ок атылып, адам өмүрүнө кесепети тийип жаткан кези. Өмүр боюу ошол шаарда жашаган тургундар айла жоктон чымындай жанын аман алып калуу ниетинде башка тарапка кетип жатышат. Ал эми коңшулаш турган казактарда болсо отуз жылга чукул өлкө башкарган даңазалуу эл башчы Нурсултан Назарбаевдин тактысын тапшыруусу кыйла резонанс жаратты. Антсе да кыраакы жетекчилер бийликтин тизгини дале болсо Нуракенин колунда экенине көзү жетти. Айтор, эл аралык аренада төбөсү көрүнүп калган “түшпөс хандын” мындай чечимине баш чайкагандар толтура. Бул эми өзүбүздөн тышкаркы тема десек болот.
Кыргызстанга келсек сырттан абал тынч көрүнгөнү менен ичинде тирешүүнүн казаны боркулдап кайнап жатат. Айрыкча өлкөгө Россиянын президенти В. Путиндин келери боюнча ар кандай божомол-дөдөмөлдөр токулууда. Американын “акырын” аңдыгандар орустарга көз каранды болуунун өзү опурталдуу деп тыйракташат. Анткени курсагын ошолордун “ич көптүргөн камыры” менен толтургандар эч убакта орустарга көзү түз болгон эмес. Айрым серепчилер болсо биз биротоло жытыбыз сиңишип калган орустар менен чогуу-чаран оокатыбызды кылышыбыз кажет. Керек болсо Баткенге аскер базасын курууга макулдугубузду беришибиз күндүн башкы талабына кирет деген ойлорун ортого салышат. Путиндин сапарынан кандай натыйжа чыгарын алдын-ала айтуу эртелик кылат. Ошентсе да жакшылыктан күдөр үзбөй турушубуз талапка ылайык.
Борбордо сезилбесе да Жалал-Абад тарапта бакиевчилердин азгантай тобу 24-мартта “Жоогазын ыңкылабын” дасторкон жайып майрамдашканы кыбырап өттү маалыматтардан. Кээ бир Салиевичтин “фанаттары” өз сайттарында айрым эски тасмаларды чаргытышып, тилектештигин билдирүүгө умтулушту. Бирок, жапырт ал күндү белгилөөгө мамлекетте көңүл бөлүнбөдү. Кийинки кезде активдүүлүгүн көрсөткөн Аскар Акаев болсо ошол күндү турмушундагы “кара күн” катары эсептээрин ачыктады. Аянттагы чогулган он беш миң адамдардын он миңи кримминалдар экенин турнабай салып караган Акаев көрсө чоочуп кетип өлкөдөн тыз коюптур да. Экинчи ирет качкын деген “статуска” ээ болгон Курманбек Бакиев деле бийликтен ушул өңдүү топтор кетиргенин булбулдай сайрап келатат. Бир өзгөчөлүгү-анын башкаруусунда кан төгүлүү болуп адамдардын өмүрү кыйылды. Эмнеси болсо да кыргыз эли эки ирет оор мүшкүлдү башынан кечиришкени кызылдай чындык.
Бүгүнкү күнгө саресеп салсак абал “охти” дегенге окшоп бараткандай. Социалдык чыңалуунун арканы чытырата эшилип баратканы жалпы калкты кооптондурбай койбойт. Ар кайсыл топко илешип алгандар болсо элдин тагдырын ойлоого эрки жетпей жатканы оркойуп көрүнүп калууда. Учурда Жээнбековчулар, Атамбаевчилер, Текебаевчилер, Бакиевчилер, Бабановчулар, Мырзакматовчулардан сырткары ортодо калган басымдуу катмар бар. Байкалбай эле “коогалаңдуу” апрель баш багып келатат. Негизи ушул айдын кыргыз журтуна коркунучу бар экени талашсыз. Ошондон улам бейпилдикти самаган карапайым тургундар Теңирден туруктуулукту, бакубатчылыкты, токчулукту тилешет. Митингди көксөгөндөргө дыйкандардын, мал менен оокатын кылгандардын, соодада жүргөндөрдүн ниети кызыктырбайт.
Абалдын оорлошуна обу жок тирешүүлөр, сенден мен кыйынмын, баймын деген көкүрөк көтөрүүлөр себепкер болууда. Бийлик тараптан жасалган “рейдерликтин” карааны көзгө ачык байкалууда. Партияны тартып алууга, апрелчилерди чилдей таратууга, аңдууга жол берилгени көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө. Ким короз, ким мекиш деп эки жакты уруштурууга, чабыштырууга үндөгөн үчүнчү тараптын да өзүнчө планы бар экени талашсыз. Булар чыңалууну жаратып, элди козутуп, салгылашка жеткирип туруп бийликти колуна алууга аракет кылаары сокурга дайын болуп турат. Чынында аларга Жээнбекову да, Атамбаеви да кызыксыз. Болгону экөөнү тең жардан алыс кулатууга эки көзү төрт. Акылга эмес, булчуңга баа берген жетесиз бийликтин мыкчыгерлери болсо апрелчилерди бөлүп-жарууга гана алпурушуп жатканы мажирөөлүк эмей эмне? Арийне, учурда мурдагы кеткен бийликтин “саркындыларына” тизгин тийди. Демек, аны бошко кетирбей пайдаланып калуу маселеси бышып жетилди.
Апрелдин ар бир саатын текке кетирбөөүчүн аракет көргөндөр жок десек жаңылышкан болобуз. Чү дегенде эле 3-апрелде “Атамбаевсиз КСДП” деп ураан көтөргөндөр борбордо сьезд өткөргөнү калышты. Аларды колдоочулар өтө кубаттуу. Үч күндөн кийин болсо чыныгы социал демократтар кезектеги сьезддин өткөрүшмөкчү. Эми булардын ушул жолку сьезддеринен кандай жыйынтык чыгарын айта албайбыз. Провокация жаралаарына да даяр туруулары зарыл. Албетте, мындай кыйын учурда кырдаалга көзөмөлдүк кылуучу күч түзүмдөрү реалдуу кыймыл-аракетте болушу негиздүү. Антпесе илгеркидей элге суук тумшук көрүнүп калуу коркунучу бар. Бир жактуу опузалоодон качуу зарылчылыгы турат. Күчкө салуу ортого чоң жарака кетирет.
Дагы бир белгилеп койчу жагдай бар. Мейли, бийлик түрмөдөгүлөргө боштондук берди. Бирок, алар тишин Атамбаевге эле арсайта берсе дагын коомчулукта чыңалуу болуп кетери турган иш. Ошондуктан агрессивдүүлүктү эле колдой берүүнүн өзү абдан кооптуу. Ошончолук эле адилеттүүлүктү эңсешсе мыйзамдуу жол аркылуу маселени чечүүгө неге болбосун? Таяктын эки учу болорун эсибизден чыгарбайлы. Не деген күндө да кыргыз өлкөсү бар үчүн ырыстуу жашап жатабыз. Тоодой байлыктан көрө томуктай тынчтык керек элибизге. Саясаттын казанын кайнатам деген азаматтар оболу элдин тагдырын таразага салып туруп, андан кийин туура чечимдерди кабыл алышы кажет. Кыргызстан-бирөө аны көздүн карегиндей сактоого бүткүл ниетибизди бурууга ар бирибиз милдеттүүбүз.
Булак: "Ачык сөз"