www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шинжаңдагы унааларды көзөмөлдөш үчүн Кытайдын спутниги колдонулат. Кытайдын бийгили Шинжаң-Уйгур автоном районундагы ар бир унаага көзөмөлдөө жабдыгын милдеттүү түрдө орнотуу тартибин киргизди. Бул кадам терроримзге каршы күрөш катары сыпатталууда.

Бээжин аймактагы террористтик чабуулдарды токтотуу аракетин көрүп жатканын маалымдады. Өкмөт кол салууларды исламчыл террористтер ишке ашырууда деген пикирде.

Полициянын айтымында кол салууларда негизинен жардыргыч зат шыкалган унаалар колдонулууда.

Ал эми унаага көзөмөлдөө жабдыгын орнотуудан баш тарткан тургундарга мунай сатып алууга тыую салынат.

Шинжаң-Уйгур автоном районунда соңку жылдары бир нече теракт орун алып жана бычак менен кол салгандар көбөйгөн. Өкмөт чабуулдарга уйгур жикчил топторду күнөөлөп келет.

Адам укугун коргоо жаатында иш алып барган уюмдар мындай кандуу карама-каршылык үчүн Бээжинди айыпташат. Анткени кытай бийлиги уйгурларды массалык түрдө камкка алып, алардын маданий, дин тутуу укуктарын чектейт деген айыптоолор айтылып жүрөт. Бээжин болсо айыптарды четке кагып келет.

Унааны көзөмөлдөө жабдыгы Кытайда чыккан Beidou спутник навигация системасын колдонот. Ал аркылуу Бээжин АКШнын жабдыктарынан көз карандысыз болууну көздөйт.

Өкмөттүк Global Times гезити унаа уурдалса, аны жабдык аркылуу тез арада таап алса болот деп жазып чыкты.

Июнь айында Шинжаң-Уйгур автоном районунун тургундары паспортко тапшырганда ДНК анализдерин дагы тапшырууга мажбур болушкан.

10 миллиондой уйгурлар байырлаган Шинжаң Кытайдын эң туруксуз аймагы катары белгилүү. Уйгур жикчилдери көз карандысыз Чыгыш Түркүстан мамлекетин куруу үчүн күрөш жүргүзүп келүүдө. Көп учурда бул күрөштө зомбулук ыкмалары колдонулат.

Булак: "bbc.com"

Последние новости