www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2014-жылдын 20-февралынан бери Донбасста дээрдик 10 миң киши каза болуп, 23 миңге жакыны жараат алган. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Крымдын аннексияланышына жана Донбасстагы кан төгүүлөргө себеп болгон Орусиянын аскердик операциясы башталган үч жыл ичинде дээрлик эки миллион адам жер которууга аргасыз болгон. Учурда орус-украин чек арасынын 409 чакырымга созулган аймагы Украина өкмөтүнүн көзөмөлүндө эмес. Ал жер аркылуу Орусия дайыма Украинага жалданма аскерлерди жана курал-жарактарды жөнөтүп келет. "Агрессор-мамлекет тарабынан Украина аймагынын 7 пайызы басылып алынды. Анда оккупация менен тынымсыз террор шартында миллиондогон украин жарандары жашап келет", - деп айтылат украин ТИМинин билдирүүсүндө.
Киев Москваны Донбасстагы жаңжалды тынч жөнгө салуу боюнча Минск келишимдериндеги милдеттенмелерин аткарып, аннексияланган Крымда жана жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарда адам укуктары менен эркиндиктерин бузууну тез арада токтотууга, украин тутукундары менен саясий туткундарды бошотууга жана Крымды Украинага кайтарып берүүгө чакырууда.
Өткөн суткада жикчилдер украин аскерлеринин Донбасстагы позицияларына карата 74төн кем эмес жолу ок чыгарышты. «Украинская правда» басылмасынын маалыматы боюнча анын жыйынтыгында эки аскер кызматкери жарадар болду. Буга карабастан Украинанын Коргоо министрлиги аймакта согуштук аракеттердин ургалдуулугу жайлаганын билдирүүдө.
Булак: "centralasian.org"