www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өткөндө Бермет Акаева Кыргызстанга келип кеткенден баштап эле, дымы чыкпай жым жаткан Ширин Айтматова бир заматта Кыргызстанга, кыргыз элине күйгөн патриот, коррупцияга каршы күрөшкөн таптаза адамга айланып чыга келди. Интернетти ачып эле кайсыл жакты караба Ширин Айтматова. Көздү жумуп туруп, жерден таш алып ыргытсаң туура барып Ширин Айтматованын башына тийгидей эле болуп калды. Мен бул улуу инсандын кызына сүйлөбөйт деле болчум, бирок бир суроо тынчымды алып оюмдан чыкпай койду: Кыргызстандагы коррупцияны Ширин Айтматова эми көрүп олтурабы? Жогорку Кеңеште деле олтурган эле, туурасын айтканда депутаттык креслодо уктап эле күнүн өткөрбөдү беле? Бермет Акаева келип кеткенден кийин, жаман түш көрүп ойгонгон адамдай эле Раим деп калды. Эгер билсе мындан отуз жыл мурда дүйнөлүк денгээлдеги окумуштуу Акаевди, тынч иштеп жаткан жеринен алып келишип президент кое салышып, кыргыз элинин ырысына чычышты эле. Акаев өз ишин кылганда, алигиче миңдеген ученый жаштарды тарбиялап чыгармак, урмат-сыйда олтурмак. Анын ордуна, он беш жыл ажо боло коюп жүз миңдеген ажыдаарларды даярдап, Кыргызстандын терисин тескери сыйрып кетти. Ошол бойдон бутка туралбай шал болуп келебиз. Шириндин өлкөгө дагы Акаевдерди алып келүү максаты барбы деген ой пайда болду. Болбосо жым эле жүргөн Ширинге бир заматта эле азыркы бийлик, өкмөт, парламент жакпай калдыбы? Парламентти эл сындаса да Шириндин сындаганга акысы жок болуш керек, себеби өзүнүн денгээлин көрсөткөн депутат кезинде. Эмнеси болсо да ички дүйнөсү кир болуп жүргөнү микроскобу жок эле даана көрүнүп турат. Менин Алиге, Ширинге жана ушулар окшогондорго каршы жазып жатканымдын себеби, президенти колдогонум үчүн болуп жатат. Мен Жээнбековду шайлаган эмесмин, тескерисинче ага каршы тургам, себеби ал ошол убакта Атамбаевдин жолун жолдойм деген болчу. Бирок Жээнбеков өз жолу менен кетти, б.а. кыргыз элин тандап кетти. Үй бүлөлүк клан жок, уурдабай турганы ачык болду, эң башкысы чыныгы салттагы тарбия көргөн нарктуу- барктуу сонун адам экен. Президентти колдоочулардын армиясы абдан көп, биз аны бетин жуубагандарга талатып карап турбайбыз так что убара болбогула Мискенбайлар, Карамушкалар, Ширин-Алилер. Биз тынч жашагыбыз келет",-деп Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Шамырза Бобуркулов жазып чыкты. 

Последние новости