www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бешинчи чакырылышта парламент депутаты болгон Ширин Айтматова "Үмүт-2020" деген ат менен элдик кыймыл түзүп, саясатка активдүү аралашып баштады. Өзү менен чогуу депутат болгон адамдарды парламентти кантип өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканын ачык жар салганы, коомдо дүң болду. Өлкөдөгү ун бизнесинде монополист болуп алган деп айтылган Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаевдерди, арак бизнесинин королу Шаршенбек Абдыкеримовду 2015-жылы Кыргызстанга ташып келинген унду НДС салыгынан бошотуу боюнча мыйзам долбоорун колдоп, мамлекетке 650 млн сом зыян келтиришкендерин айтып чыкты.

Ширин айым бул билдирүүсүн ошол учурда жарыялаганда азыркыдан дагы катуу чуу жаратмак. Анын айтканы шайлоо алдында айтылчу популисттик сөз катары бааланып туру. Анын бул билдирүүсүнө Төрөбаев менен Турсунбеков өз жоопторун так айтып, саясий оюнду кантип ойноо боюнча тажрыйбасы жок Айтматованы бат эле ордуна коюп коюшпадыбы. Ошон үчүн сөздү өз учурунда айтыш керек да, деп "Жаңы Ордо" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости