www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күмөндөр Абылов, бул адамды ким тааныбасын. Чек арага байланышкан оюн ортого салыптыр. Оюнда көп нерсени камтыганга аракет кылыптыр. Окудук, баа бердик, калеминде чындык бар. Андыктан сиздер дагы окуп коюңуздар. Текст толук жана өзгөртүүсүз берилет.

Күмөндөр Абылов:

-Баарынан мурда эл көтөрүлүп, ушу жер саткандарды такташ керек болуп калды. Биздин чоңдор жер саткандан башканы билишеби деги? Кандай Кудай урган немелер эле буларың? Качан болсо эле эч кимдин күнөөсү жок, "Мурда эле, мага чейин эле сатылып кеткен экен" - дешип, жанды кашайтышат да турушат! Чоңдорду койдум, башы-көзү, мээси ордунда, таз-карыны таза адам жер участогун сатып алмак түгүл, басып алган күндө да: "Менин жерим кайсы жерден кайсы жерге чейин?" - деп, казык кагып белгилеп алат го?... Анан ошол жерден бир метр эмес он сантиметр да жылбай, ошол жери үчүн өлүп берет го?... Ал эми, кытай, казак, өзбек, тажиктерге сатылып кетип жаткан жерлер үчүн, анын сатылып жатканын чоңдордон башка эч ким убагында билбесе, ким өлүп берет? Өлүп бермек түгүл, ал жерлердин эч ким менен кеңешип-кеспей туруп сатылып кеткени он-он беш жылдан кийин билинип жатат го бизде?... Анысы да чек арада далай жолу жаңжал болуп, бир тобу өлүп кеткеткенден кийин, эл кайра-кайра чоңдордун кулак-мээсин жегенден кийин билинип жатпайбы? Ыя айланайын Кудай! Эгемендүүлүк алганыбызга жыйырма сегиз жыл болгуча чек ара такталбаса, эмнебиз мамлекет? Канча жылдан бери көк мелжиген Кум-Төрдү түбү жок кургуйга айланткыча казып, алтынын алып жатып, башканы койдум, ошол Кум-Төргө чейинки жол жасалбаса, эмне деген мамлекетпиз? Өзгөчө, президент, премьер министр, спикер, болгон адам, кайсыл жерге президент, кайсыл жерге премьер министр, кайсыл жерге спикер болгонун картадан карап тактап коюшу керек эле да? "Кийин менден көрбөсүн" - деш керек эле да? А биздин чоңдорду, акча жеш үчүн элинин саны, кен-байлыктын санынан башка эч нерсе кызыктырбай жатпайбы? Аларга тескерисинче чек аранын такталбаганы жагып, ыңгайлуу болуп жатпайбы, өзү да кошо каалаган жерин сатып, кийин баштагыга шылтап койгонго?... Ушунун баарын көрүп эле турбайбызбы? Же эмне ушунчалык эле макоо элбизби? "Мектептин директору бирөөнүн хиджабын чечип койду, үйүн өрттөйбүз, таш бараңга алып өлтүрөбүз! - дегенден көрө, бири-бириңер менен түндүк-түштүк болуп ыркырашпай, элди кайраштырып коюп эки ортодо олжо тапкан жегичтердин тилине кирбей, ошол эч кимге айтпай кыргыздын жерин саткандарды таап, үйүн өрттөйбүз, таш бараңга алабыз десеңер боло?... Ойлонгулачы эл-журт! Ойлонгулачы! Ойгонгулачы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости