www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын борбордук банкы эмгек мигранттары тарабынан жөнөтүлгөн акча которууларына чектөө киргизилгендиги ЕАЭКтин нормаларын бузгандыкка жатат деп билдирди Бишкекте өткөн “Евразия жумалыгы” иш чарасында.

Мындай чектөөлөр ушул жылдын апрель айында киргизилген. Чектөөлөр Вьетнам, Казакстан, Кыргызстан жана Кытай жарандары үчүн киргизилген. Ал дагы тең салмактуу эмес. Айтсак, Кыргызстандыктар мекенине ай сайын 100 миң рубльга чейин жөнөтө алса ошол эле учурда Казакстан – 150 миң, Армения миллион рубльга чейин акча которо алышат. Андыктан ЕАЭКтин бизге эмне кереги бар? -  деген жүйөлүү суроо жаралат. Себиби, жыл сайын бул экономикалык биримдикте болгонубуз менен Казакстан менен чек ара өткөрмө пунктунда байма-бай көйгөй жаралат, Россияга жөнөткөн айыл-чарба продукциялар кайра артка кайтарылат. Иши кылып эле экономикалык жактан Кыргызстанга кысым көрсөтүүлөр токтобой келет. Андыктан, премьердин бул ою колдоого аларлык эле иш болду.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости