www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгу менен жолукту. Шойгунун айтымында, Мариуполь шаары орус аскерлери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат, ал эми украин аскерлери «Азовсталь» заводунун өндүрүш жайында курчоого алынган. «Шаарда абал тынч, тартип орнотууга, калктын кайтып келишине мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деди министр.

Шойгунун айтымында, заводдун аймагында 2 миңден ашуун украиналык аскер бар. «Буга чейин 1478 аскер багынып берген. Шаарды курчоого алып жатканда украиналык аскерлердин жана «жалданма аскерлердин» саны 8100 адам болчу.

«Азовсталь» заводундагы орус аскерлеринин иш-аракетин соңуна чыгарууга 4 күнгө чейин убакыт керектелет», - деди Шойгу. Ал эми Путин Мариуполду бошотуу аракети ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости