www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ары болдук, бери болдук, сууга салган тери болдук» акыры эпидемиядан запкы жеп жаткан эл, ары карап ыйлап, бери карап күлүп парламенттик шайлоо шаңына аралашып бараткандай. Алтынчы парламентти түзгөн партиялардын бири «Бир бол», ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жетегинде мамлекеттик чоң маселелерди чечип турган Икрам Илмиянов ошол замандын лидерлери менен Чуңкурчак жайлоосуна барып, парламенттик шайлоодо бийлик жагынан жашыл жарык күйгүзүлө турган партияларды жана алардын тизмелерин тактап, 2015 –жылдагы парламенттик шайлоого алып чыккан. Алмазбек Атамбаевдин ишеними боюнча Конституцияга ылайык парламенттин тең жарымын анын партиясы эсептелген СДПК түзсө, жарымысын анын сөзүн сүйлөп, аны колдогон «клон» партиялар түзөт деген ой болгон. Тагдырдын тамашасы менен, анын ойлогон оюу ишке ашпай СДПКдан 38 депутат өтүп, парламентке алты партия өткөн. Ким Атамбаевдин «клон» партиясы, ким аны менен кармашып бийликке келди, айтып отуруунун кажети жок. Анткени, Атамбаевдин менчик партиясы болгон СДПК фракциясынын депутаттары туш келди партияларга тарап, ким бийликти жүргүзсө, ошонун жанында чапанын тескери жамынып отурушпайбы.
«Чабал өрдөк биринчи учат» болуп, азыркы парламенттик тосмону араң жырып өтүшкөн жана бир –аз добуш менен парламентке жетпей калган «Ата –Мекен», «Бир бол», «Бүтүн Кыргызстан» сыяктуу партиялар дубанды жарып чыгып, парламенттик шайлоого биринчилерден аттанышты. Булардын парламенттик шайлоого соцтармактарда үгүт жүргүзө баштаганы коронавирус менен алпурушуп жаткан элге жагымсыздык туудуруп, эң биринчи соккулар ушуларга бурулду. Жок дегенде соцтармактарды ээлеп калбаса, бул партиялардын ар бир айылды кыдырып, өзүнө үгүттөө үчүн чамасы чарк жана материалдык базалары да алсыз. Бул партиялар парламентке өтүп же өтүүгө чукулдаган добуш топтогондор, ал эми Кыргызстандагы башка үч жүзгө чукул партияларды тим койолу. «Ата –Мекен», «Бир бол», «Бүтүн Кыргызстан» сыяктуу партиялардын өздөрүнүн аз да болсо электораты бар, соцтармактарды, маалымат каражаттарын чемирчкедей чаккан адамдары бар. Эмнеге бул партиялар канчалык партияга өзгөртүү кийирип, элге жакшы убадаларды камдаса да көпчүлүктүн каараны калып турат. Биринчиден, ушундай оор кырдаалда парламенттик шайлоо өткөзүүгө каршы адамдар, өздөрүн-өздөрү макташып, чамгарактап тургандарды көп сүйүшкөн жок. Экинчиден, өздөрүн жарнама кылып жаткан партиялар үчүн, бардык башка парламенттик күрөшкө чыга турган партиялар атаандаш. Ошондуктан, алар «кара пиарын» көбөйтүп, бири -бирине чабуул жасашы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Үчүнчүдөн, бийликке каршы «кара пиар» ага каршы турушкан соцтармактарда жана маалымат каражаттарын көбөйө баштаганы менен материалдык жактан үстөмдүк кыла турган, бардык маалымат каражаттары колунда турган бүгүнкү бийлик унчуга элек. Ошентип атаандаш партиялар азыр мыйыгынан жылмайып коюп, айрымдары соцтармактарда “Мекеним Кыргызстанга” окшогон «кежир» партияларды кежигеге чаап жатат. Анткени, кармаш али алдыда.
Айрым маарага жете элек партиялар шайлоонун шайтан оюндарына активдүү аралашып кете элек. Айрым белдүү партияларда материалдык ресурс кенен, андан тышкары бийликтин бардык маалымат каражаттары алар үчүн иштешет жана жергиликтүү бийликке таянышып, мамлекеттин ар бир булуң-бурчуна үңүлүп карашып, добуш топтоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул партиялар менен бирге мурунку шайлоодо СДПКга «клон» партия катары калыптанып, парламенттик жарышка түшүп жеип келген «Кыргызстан» партиясы да ишке батыл кирише элек. «Кыргызстан» партиясы депутат Алмазбек Баатырбековду өкмөттүн биринчи вице –премьери кылышып, ал эми «Аю» фирмасынын мурунку вице –президенти Балбак Түлөбаевди Ысык –Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү кылышкан соң, бийликти ого бетер айланчыктап, бийликтин саясатын кош-колдоп колдой баштады. Башкысы Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарына жана Түштүк аймактарынын өзбек улутуна таянышкан «Кыргызстандын» да кебелбей жатканы материалдык ресурстарына таянганы. Өткөн 2015 - жылдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясы өзбек улутунун мыктыларын Ысык-Көлгө чакырышып, ошолордун колдоосуна таянганы белгилүү.
Алтынчы чакырылыштагы парламентке өткөн Бакыт Төрөбаев жетектеген «Өнүгүү-Прогресс» партиясы шайлоодогу күрөштү алаканга салып, таразалап «Мекеним Кыргызстан» партиясына кошулууну чечти. Бакыт Төрөбаев 2010 – жылы парламенттик шайлоодо «Республика» партиясы менен парламентке келип, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер Атамбаевге Түштүк электоратында чоң күч болгон. Ошондон соң «Өнүгүү-Прогресс» партиясын түзүп, 2015-жылдагы шайлоодо парламентке келген. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун талапкердигин колдоого алган, ошондуктан «Өнүгүү-Прогресс» партиясы ушул шайлоодо жалгыз чыга турган болсо, бийлик маалыматы тарабынан катуу соккуга кабылары шексиз эле. Анын үстүнө бийлик колдомок түгүл, бул партияда жүрүшкөн биртке мүдүрлөрдү өз партияларына тартып алышып, элдин жек көрүүсүнө айланып бараткан Камчыбек Жолдошбаев гана калгандай. Ал да «Ата-Мекен» партиясына өтө качса Бакыт Төрөбаев жалгыз каларын түшүнүп, «Мекеним Кыргызстан» партиясына өттү.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы сыяктуу эле «Республика» партиясынын чокойунан чыккан «Бир бол» партиясынын жөнү башка. «Бир бол» партиясы кыраакылыгын көрсөттү, Өмүрбек Бабанов чет мамлекетке кетер менен бир –аз күтүп турбай Бакыт Төрөбаев сыяктуу чоң жыйында Атамбаевди мактап сөз сүйлөгөн жок. Сооронбай Жээнбеков президент болгону ал жакка ооп, бийликтин саясатын жүргүзүп келатат. Парламенттик шайлоо алдында партиясын курамын толук жаңыртты. Уран маселеси боюнча бирге чыгышып, бир долбоор кабыл алышкан «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду «Бир бол» партиясынын лидерлеринин бирине айлантты. «Ата-Мекен» партиясынан бөлүнгөн Алмамбет Шыкмаматов партия парламенттик шайлоодон өтөбү же өтпөй калабы министрлик бир кызматты кучактап калары бышык. Ал эми Исхак Пирматов сыяктуу көзгө басаар депутаттары «Биримдик» партиясынын тизмесинде болсо, Атамбаевдин убагында вице-премьерлик кызматты аркалап жүргөн Аскар Шадиев сыяктуу депутаттары уруулугу кармалып, океандын аркы жагына “аллас” көйнөк кийип өтүп кетишкен. «Бир бол» партиясы менен парламентке келген мурунку атка минерлер Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров сыяктуулар каякта? “Бай-бай” биротоло кетти...
«Бир бол» фракциясында депутат болуп, кийин ордун Улукбек Ормоновго өткөзүп берип, Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болгон Лунара Мамытова деген диктор бар эле. Ал бийлик тарапка жагыш үчүн пенсия 200 сомго көтөрүлүп жаткан убакта: «Кошула турган акча менен пенсионерлер чет мамлекетке саякат жасап келсе да болот» деп көтөрмөлөп элдин оозунда калган. Азыркы тизме боюнча анын ордун дасыккан диктор Чынара Капарова деген диктор ээледи.
Үзүлбөгөн үмүт да ошентип «Бир бол» партиясынын курамына жаштар кошулду... Демек азырынча аларда өзгөрүү бар...кечээ алар фейктердин таламында жалпы калбаса дагы “Бир бол” партиясын бир желпип өтүп кетти. Баса, мындай “фейктердин” чабуулу учурда кызуу даярдык көрө баштады. Маалыматтарга таянсак “фейктер” менен кызматташтуу үчүн айрым партиялар 5 миң доллардан 10 миң долларга чейин соодалашып кызматтарын кылууга билек түрүнүп турган кездери экен...
Айрыкча “Мекеним Кыргызстан” партиясына даярдалган фейктер, колуна комузун кармаган апыртмачылар шайма-шай турганын кулагыбыз чалды...Эң негизгиси адамдык сапат болсо, дүйнөгө түбөлүк түркүк болбогондон кийин 6 күндүк өмүрдө эс-учубузга келербиз. Бир нече кылымдан кийин бул жарык жашоодо ушул замандын инсандары бири дагы калбайт, келгиле ошондуктан дүйнөнү апаат каптап турганда тынч эле, “фейктешип” каралашпай эле шайлоону өткөрүп алалы. Кудайдын бешенеге жазганын көрө жатарбыз, эң башкысы эл-журтубуз аман болсун!
Булак: NazarNews.kg