www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө катуу сабалган бала оор абалда ооруканага келээр замат ак халатчандар милицияга кабар берген. Бирок жабырланган бала алган жараттарынан улам милиция келгиче каза болуп калган.
ЖМКлардын бирине жазылган маалыматтарга таянсак, наристенин 21 жаштагы апасынын Орусияга кеткенине 10 күндөн эми эле ашкан. Баласын бир тууган эжесине таштаган.
Таеженин айтымында, бала кечээ күнү шымына сийип алган. Ачуусуна чыдабаган аял ымыркайды чыбык менен колу-бутуна, башына уруп, анан уктаганы жаткырып, бөлмөдөн чыгып кетет. Түшкө маал кайтып, бала оор акыбалда экенин түшүнүп, ооруканага жөнөйт.
Реанимацияга түшкөн ымыркай өзүнө келбей жан берген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.
Булак: NazarNews.kg