www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким эмне десе да, канчалык сындасак да Текебаевдин кыйындыгын жокко чыгара албайбыз. Ал камалып, саясаттан утулду дегенибиз утурумдук эле болду. Ал утулмак турсун ашыгы менен утту. Биринчиден, камала калып, акыйкатсыздыктын курмандыгы болуп Атамбаев менен мамлекетти талкалады деген жалаадан кутулду.

Экинчиден, ак жеринен караланып, камалганы үчүн мурункудан да кадыры жогорулады. Анын кадыры күндөн күнгө өсүп жатканын кечээги 60 жашы айгинеледи. Мен саясатчы дегендин баары барды. Сөз сүйлөйт элек дегендердин баарына кезек жетпей калды.

Текебаевдин кабылдамасына баргансып, ал жаткан ооруканага тизилип барып, баары каалоо, тилегин айтты. Төшүнө төшүн тийгизип кучакташты. Керек болсо кээ бир саясатчылар андан акылы аз экенин айтып, элди күлдүрсө, айрымдары мурда кийин жасаган кыянатчылыгы үчүн ыңгайсыз болгонун айтты.

Кыскасы, Текебаевдин туулган күнү ал эркиндикте жүргөндөн да жакшы өттү. Кыргыз саясатчыларынын көбү ага карап түздөнөөрүн, аны менен эсептешээрин айгинеледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости