www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев ошол жерде менин колумду бекем кармап, балдары, неберелери, өзгөчө кызы жөнүндө айтып: «Алар эмне болот, карап жүр досум, мен өлөт окшойм, мен өлсөм саясий күрөштү уланткыла, менин мураскорум Бакыт Бешимов болсун, өзүң күрөштүн башында тур!» — деп мураскору жөнүндө да айтып жиберди. Врачы болсо: «Бишкекке алып барып канын тазалоо керек» — деди. Бул абалда кантип Бишкекке алып кетесиңер, оболу аз да болсо өзүнө келсин, — дедим. Атамбаевдин Сузактагы кудасы эске түшүп, күйөө баласы биз менен жүрөт эле, үйүңөр кайда, — десем, Жалал-Абаддын четинде деди. Үйүңөргө баралы, ал жерде эс алсын, бул коомдук жерде көпкө калганга болбойт, — десем, атасы Бакиевдерден коркуп жатканын айтты. Ал атасы менен сүйлөшөйүн деп чыгып кетип, кайра келип макул болду. Кечке жуук биз ал куданын үйүнө бардык.
Мен Ошко Сооронбай Жээнбековго телефон чалып, болгон окуяны түшүндүрдүм. Молдолоруң болсо ала кел, Атамбаевге дем салдырып да көрүш керек, — дедим. Атамбаев таңга маал өзүнө келди. Өзү туруп эшикке чыгып келди. Мен ага: — Аз жерден Бишкекке жөнөтүп жиберейин дедим, бир нерсе болсоң дооңо каламынбы деп, деги соосуңбу досум, — деп тамашаладым. Чынында эле ага аябай боорум ооруп, аяп тургам. Кийин ал менин ушул сөзүмдү кичине бурмалап, «көзүмдү ачсам Азике досум, муну Бишкекке алып кеткиле, доого калбайлы — деп жаткан экен»- деп интервью берип жүрдү. КТР, ЖТРден бийлик Акманда тартып алууга жетишкен сүрөттү күнү-түнү көрсөтүп жатып калды. Атайын дискке жаздырып, айылдарга таркатышты. Азыр да айрым интернет сайттарга чыгарып жүрүшөт. Ушул күнгө чейин бул факты боюнча мындай майда-чүйдөсүнө чейин айтпаган элем, биринчи жолу жазып жатам. Эл чындыкты билүүсү керек. Айрымдар айткандай, «Атамбаев Жээнбеков экөө кечинде мейманканада бирге болуп, сөгүшүп, ичимдик ичиши мүмкүн, эртеси «невменяемый» абалында эл менен жолугушууга келгени да чындык, аны Жусупжан өзү да жазып жүрөт. Бирок Атамбаевдин жөндөмсүз (невменяемый) абалдан өзүнө келгенге чейин жанында жүргөн киши катары, ошондон кийин ичи, буттары каканактап, ириңдеп тешилгенин, териси бузулганын көргөн адам катары азыр да өз сөзүмдө кала берем, Атамбаев бир гана ичип мас болгон эмес, дагы ууланган, бирок эмне менен, кандайча ууланганын ушул күнгө чейин билбеймин. Ал кийин Туркияга барып дарыланып келди. Ошондо ууланыпмын деп айтты.
Эртеси Жалал-Абад шаарынын борборундагы маданият үйүнүн эшигинде Жээнбековсуз эле шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдүк. Бакиевдердин обончуларына каршы биз дагы Жалал-Абадда мага тааныш айымдар баш болгон «менин обончуларымы» койдук эле, алар бири-бирине батынып тие албай, жолугушуу ыр-чыры жок өттү. Жолугушууга 150–200дөй адам келди. Ошол эле күнү Ошту көздөй жөнөдүк. Өзгөнгө жетпей Сооронбай Жээнбеков тосуп алды, мен алардан уруксат сурап Бишкекке кеттим. Атамбаевдин өз айылы Арашандагы жолугушуу да өзгөчө болду. И. Өмүркулов колунан келишинче уюштурган экен, клуб толуп эл батпай калды. Мен түштүктүн эли Атамбаевди колдоп жатканын ашыра айтып, арашандыктардын намысына тийимиш болдум. Нарында А. Шыкмаматов Атамбаевди эл менен жакшы жолуктурду. Чеч-Дөбөдө элдер ат мингизип жиберишти. Бишкекте мен, Текебаев, Исаков, Отунбаева, Чолпонбаев болуп бир нече жерде жолугушуу өткөрдүк. Бир жолу Атамбаев мени чакырып: «Апичеңди Бишкектен алам, анын ордуна Асель Кодуранова болот»- деп калды. Себеби эмне? — десем: «Биздин партиянын чечими» — деди. Мен: — Өзүң бил — дедим. Ичимен Отунбаева ким, Кодуранова ким деп ойлодум. Менимче, ортодо чагымчылар иштеп, Атамбаев пендечилик кылып жатат окшойт, — деп тим болдум. Бишкек шаарынын 3–4 жеринде Атамбаевди мен, Исаков, Текебаев коштоп жүрдүк.
Түштүктөн келгенден кийин Арашандагы багына үй тигип, бүт уул-кыздарын, келиндерин, неберелери менен топтоптур. Мени чакырып, аларды мага тааныштырды. Ошондо ичин, буттарын мага көрсөттү. Денеси каканактап, тешилип кеткен экен. «Ушуну менен Бакиевдер мени эки жолу уулантты», — деди. Мурда 2007-жылы Атамбаев Премьер-министр кезинде Ак үйдөн ууланыптыр деген сөз чыккан. Таластын эли менен жолугушуу өтө кызык болду. Атамбаев премьер-министр кезинде 2007-жылы «Жер үй» маселеси боюнча Таласка барып, эл жол тосуп, болгон жаңжалдын таасири Таластан али кете элек экен. Бир нече активисттерге кылмыш иши козголуп, айрымдары соттолуп, айрымдары сыртта качып жүрүптүр. Ошол үчүн Шерниязов мага кирип маселе койду: «Мен Азике, мурда айткандай Текебаев экөөң үчүн гана унчукпай жүрөм, Таласка бар десеңер барайын, бирок Атамбаев менен БЭКтин лидерлери баарыңар барасыңар, болбосо мен жалгыз Атамбаевди коштоп барбайм»- деди. Мен бул сөздү Атамбаевге айттым. Ал башында мөңкүп алып, аягында көндү. Болгону: «Силер сүйлөбөйсүңөр, мен гана сүйлөйм» — деди. БЭКтин саясий бюросун чакырып, баарыңар Таласка барасыңар — дедим.
Мындай нерселерди уюштурууга мастер Болот иним Суусамырдан бизди тосуп, жүздөй машина менен Таласка кирмей болдук. Ар бир машинада «Ата Мекендин», КСДПнын, «Асабанын» желектери илинген ушундай шаан-шөкөт менен Таласка кирип бардык. Таластагы биринчи эле жолугушууда Атамбаев: «…таластыктар жоолук салынып алгыла, Манастын көрүн казып жатса унчукпайсыңар!»- деп бир нече жолу демитип өттү. Жыйын бүтөрү менен 5–6 аксакал мага басып келип: «Азимбек, Атамбаевге айтып кой, элге асылбай сүйлөсүн, биз Атамбаевди эмес, силерди сыйлап унчукпай турабыз!» — дешти. Мен кечинде Атамбаевге элдин бул сөзүн айтып, «жоолук» жөнүндө экинчи айтпашын сурандым. Ал унчукпады.
Кечинде биз Шерниязовдун кайын журтунда, менин оготур туугандарымдын айылында түнөдүк. Биз дегеним — БЭКтин саясий бюросунун Таласка келген мүчөлөрү Тургуналиев, Отунбаева, Текебаев ж. б. бар болчу. Исаков, Жекшенкулов, Булекбаев, Каптагаевдер подпискада камакта болгондуктан, келишкен эмес. Бакай-Атада чоң жолдун боюнда эл менен жолугушуу белгилениптир. Ар дайым жолугушуунун алдында эл топтолгуча жарым сааттай Сагынбек Момбеков элдин көңүлүн көтөрүп, гитаранын коштоосунда «Сат, сат», «Кайдыгерлик», «Аксы ыйы», «Дүжүр чалдар» ж. б. ырларын аткарып турчу. Аны да сүйлөбөйсүң, болгону ырдайсың деген шарт менен алып жүрдүк. Башка ырчы, бийчи алган эмеспиз. Бул жолу Сакем жарым саат эмес, бир сааттай ырдады. Атамбаев жок. Мен телефон чалсам, Илмиянов ал киши намазга кирип кетти эле, азыр-азыр деп, кечигип жатты.
Эл таркай турган болуп калганда, арга кетип, шартты бузуп, элди алаксытып туруу үчүн Топчукеге сөз бердик. Топчуке адатынча элдин көңүлүндөгү сөздөрдү айтты эле, эл тынбай кол чапты. Атамбаев дагы деле жок. Андан кийин Отунбаевага сөз бердик, андан соң Текебаевге сөз берүүгө туура келди. Ошол учурда гана Атамбаев келди. Сүйлөдү. Дагы Манастын көрүн казып жаткандарды айтып: «Таластыктар жоолук салынып алгыла» — деди.
Мен айтчу кеп ошол туурасында болмокчу. Атамбаев калпты, чындыктай айткан, өрдөгү көп учкан саясатчы. Азимбек Бекназаровдун “Мен кыргызмын” деген китебин жакында дагы бир жолу колума алып аны тез эле окуп чыктым. Бекназаровдун бул китеби, отуз, элүү жылдан кийин тарыхый баалуу китеп катары эл оозунда калары талашсыз. Бир дем менен жеңил жазылган, өз мезгилинин чындыгы айтылган чыгарма экени талашсыз.
Бекен Назаралиев, “Жаңы ОРДО” гезитинин редактору
(Бекназаровдун “МЕН — КЫРГЫЗМЫН” китебинен үзүндү)
Булак: NazarNews.kg