www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин доору туугандарын эмес, жан сакчыларын, шопурун чоң кызматка койгону менен өзгөчөлөндү. Алар четинен камала баштаганда Атамбаев эмоциясын жашыра албай, “саясий куугунтук, өч алуу башталды”- деди. Ал тургай Икрамжан Илмиянов камакка алынганда, шайлоодогу сырдын баарын билгени үчүн камалды деп жар салды.

Эгер Атамбаев айткандай өч алуу болсо, ага баш оту менен кызмат кылгандардын баары камалмак да. Азыр Атамбаев дегенде жеген ашын жерге коюп, элекке десе челекке жүгүргөндөрдүн эркиндикте жүргөндөрү деле бар.

Маселен, Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев, Улан Исраиловдор камалмак турсун чекеси чертиле элек. Исраилов Текебаевди камоодо эле салым кошпосо, Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаевачалык кыянатчылык кылган жок. Ошон үчүнбү коомчулукта ал тууралуу анчалык негатив пикир жок.

ИИМди башкарып турганда дагы интрига менен иши жок, эч кимге катуу тийбей, бирөөнүн артынан сая түшпөй, отурган креслосуна ыраазы болуп, жайынча башкарган дешет. Өзү да кызматтан кетер алдында саясатка анчалык аралашпаганын айткан жай бар. Аны камалсын дегенден алыспыз. Бирок, Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаева жоопкерчиликтен кутулбашы керек экенин айткыбыз келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости