www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин БРИКС саммитине катышуу үчүн Түштүк Африкага учуп кетти. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги маалымдады.
БРИКСтин саммити (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка) 22-24-августта Йоханнесбургда өтөт. 19-июлда Түштүк Африканын президентинин кеңсеси Россиянын президенти Владимир Путин “өз ара макулдашуу боюнча” иш-чарага катышпай турганын билдирген. Орус лидеринин алыстан сүйлөгөн сөзү 23-августта күтүлүүдө.
Өз кезегинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн Пекинден Түштүк Африкага учуп кетти.
Ал Түштүк Африка Республикасына мамлекеттик визит менен барууну, ошондой эле БРИКСтин өлкөлөрүнүн жетекчилеринин XV жолугушуусуна катышууну пландаштырып жатат.
Буга чейин маалымат каражаттары жазгандай, Индия менен Бразилия Кытай талап кылып жаткан БРИКСтин тез кеңейишине каршы чыгышкан. Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, өлкөлөрдүн БРИКСке кирүүсүнүн айрым нюанстары алдыдагы саммиттин жүрүшүндө талкууланат.
Тактап айтканда, Индия башка өлкөлөрдүн кошулуусу боюнча катуу пландарды иштеп чыгууну сунуштаганы тууралуу маалымат пайда болду. Ал эми Бразилия кеңейтүү блокту башка нерсеге айландырышы мүмкүн экенин айтып, башка өлкөлөрдү кабыл алгандан кийин уюм ишенимин жоготот деп кооптонууда.
Булак: NazarNews.kg