www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам рейд учурунда Түштүк Кореяда терроризмди каржылоого шектелген жаран кармалды.

Ведомствонун маалыматына караганда, Фергана облусунун 29 жаштагы тургуну Түштүк Кореяга барып, ал жактан “Имам аль-Бухаринин катчысы” террордук уюмунун лидерлери менен байланыш түзгөн. Ал аталган уюмдун мыйзамсыз ишмердүүлүгүн каржылаганы аныкталган.

Аталган жаранга “Терроризмди каржылоо” жана “Диний-экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталдык жана башка тыюу салынган уюмдарды түзүү, аларга жетекчилик кылуу, катышуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган факты боюнча алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат.

Министрлик чет өлкөлөрдө иштеп же окуп жүргөн жарандарды сак болууга чакырып, террористтик уюмдардын жалдоочуларынын таасирине кабылып, алардын ишмердүүлүгүнө катышкандар оор кесепеттерге дуушар болорун эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости