www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай төрагасы Си Цзиньпин өлкө башчысы болуп кайра шайлангандан кийин биринчи сапарын эмнеге Россияга жасаганын айтты.

Кытай лидери бүгүн Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканын РИА Новости жазды.

“Тарыхый логикага ылайык, Россия – сапар жасоо үчүн тандалган биринчи мамлекет. Биз ири держава жана стратегиялык өнөктөшпүз”, – деди ал.

Си Цзиньпин Владимир Путинди быйыл КЭРге келип кетүүгө чакырганын айтты. Ал ошондой эле Мишустин менен таанышканына кубанычта экенин, пандемиядан улам сапарлар бир нече жылга токтоп калганын белгиледи.

Ал эми Мишустин РФ Кытай менен өнөктөштүкү жана стратегиялык байланышты бекемдөөгө кызыкдар экенин, санкциялар менен глобалдык рыноктогу туруксуздукка карабастан эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу ийгиликтүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Мишустиндин айтымында, Россия менен Кытай Транссибирдик жана Трансазиаттык каттамдар боюнча жүк ташууларды көбөйтө турган жаңы долбоорлорду даярдап жатат.

Белгилей кетсек, Си Цзиньпин РФ президентинин чакыруусу менен 20-март күнү Москвага мамлекеттик сапар менен келди. Бул анын Кытайдын башчысы болуп шайлангандан кийинки чет өлкөгө жасаган биринчи сапары. Лидерлердин формалдуу эмес жолугушуусу дүйшөмбү күнү кечинде башталып төрт саатка созулду. Бүгүн, шейшембиде, тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Последние новости