www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ынтымак” командасы көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жеңүүчүсү болду.

Жогорку лиганын финалында аталган команда “Сары-Өзөн” менен беттешип, 5:0 эсебинде утуп алды.

Натыйжада байге ээлери төмөнкүдөй сыйланды:

Биринчи орун — “Ынтымак” командасы, 1 миллион сом;

Экинчи орун — “Сары-Өзөн” командасы, 500 миң сом;

Үчүнчү орун — “Достук” командасы, 250 миң сом.

Оюндар Бишкектеги “Аккула” ат майданында 13-мартта башталган. Республикалык турнир быйыл алгачкы ирет төрт лигада (жогорку, биринчи, экинчи, 40 жаштан жогоркулар) өттү. Ага жалпы 37 команда катышкан. Жалпы байге фонду 7 миллион сомду түздү.

Биринчи лигада баш байгени “Жаштык” командасы уткан. Экинчи лигада “Көк-Жал” биринчи орунду алды. 40 жаштан жогоркулар арасында “Жети-Дубан” командасы алтын медалды багындырды.

Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлер арасында ИИМдин командасы биринчи орунду алып 200 миң сом, экинчи орунду алган Сот жана прокуратуранын командасы 100 миң сом жана үчүнчү орунда Маданият министрлигинин командасы 75 миң сом менен сыйланды.  

Последние новости