www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияда 246 жаран өлтүрүлдү

Өткөн айда Сирияда 246 жаран кагылышкан тараптар тарабынан өлтүрүлдү.

Сирия адам укуктары желеси SNHR жарыялаган отчетко караганда 8 жылдан бери жаранык согуш болуп жаткан Сирияда 2019 -  жылы февралда 246 жарандын өлкөдөгү кагылышкан группалар тарабынан өлтүрүлгөндүгүн белгиледи. Алардын ичинен 54тү балдар, 50сү аялдар.

Желенин отчетунда Башар Асад режиминин өткөн айда 108 жаранды өлтүргөндүгү белгиленип, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын болсо 18 жаранды өлтүргөндүгүнө орун берилди.  

АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы эл аралык коалиция күчтөрүнүн кол салууларында 17 жарандын каза болгондугу билдирилип, террордук уюм ДЕАШтын болсо 21 жаранды өлтүргөндүгү белгиленди.

Аскердик оппозициячылдар жана режимге каршы куралдуу топтордун болсо экөөсү бала болгон беш кишинин өлүмүнө себеп болгондугу билдирилип, ким экени белгисиз тараптардын болсо бул убакыттын ичинде 77 жаранды өлтүргөндүгү маалымдалды.

Каза болгондордун арасында 5 саламаттык сактоо кызматкеринин да бар экендиги билдирилип, коалиция күчтөрү жана ким экени белгисиз тараптардын да бирден саламаттык сактоо кызматкерлерин өлтүргөндүгү билдирилди.

Желенин отчетунда өткөн айда 29 кишинин кыйноо менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат орун берилди. Ушуга караганда режим күчтөрү 26, аскердик оппозициячылдар, террордук уюм ЙПГ/ПКК жана ким экени белгисиз топор бирден кишини кыйноо менен өлтүрдү.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости