www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мындан ары да жабыла чыгып, кыргыз элинин ар-намысын коргоп, душмандын арам оюн ташкаптыра берели!", - деп билдирди Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн социалдык түйүндөрүнүн колдонуучуларына карата билдирүүсүндө.

Төмөндө мамлекеттик катчынын сөзүн беребиз:

"Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 14-17-сентярында Баткен облусундагы чек ара аймактарында болгон куралдуу кагылышуунун курмандыктарына аза күтүү жарыялап, кыргыз элине кайрылуу менен, жалпы журтчулукту сабырдуулукка жана биримдикке чакырды.

Мына ошол каргашалуу Баткен окуясы башталгандан эмне деген эрдиктердин күбөсү болгон жокпуз. Көрсө, кыргыз элинде караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан, журт уютуп, келечекке жол чапкан адамдарыбыздын арбын экени кадыресе көрүнүш. Бул күндөрү айкөл Манас урпагы беш салаадай биригип, бир муштумга түйүлүп, берген антка бек болду, бузулбаган чеп болду. Кыргыз жерин күтүүсүз басып кирген текебер жоо, тээжик душман тийиштүү жообун алып, арам ою таш капты. Ошентип, нечен кылым карыткан карт тарыхыбыздын дагы бир жаңы барагы ачылды десек болот.

Коогалаң күндөрү Адилет Жумадылов аттуу жапжаш жигиттин соцтармак аркылуу: "Туугандар, мен тирүүмүн. Атышып жатабыз, коркпогула. Катылган жоонун катыгын беребиз. Керек болсо, Ата Мекен үчүн өлүп беребиз!" – деген жалындуу сөзү каныбызды дүргүтүп, далайларды чыйралтты, душман жолун торогон жоокерлерге дем берди. Адилеттикти туу туткан Адилет жалгыз эмес, арабызда намыскөй жигиттерибиз арбын. Ошондон улам, аларды жапырт колдоп, дал ушундай чыныгы мекенчил жигиттер бар үчүн өлкөнүн бүтүндүгү сакталып турат деген жарандардын пикирин толугу менен колдоймун.

Дагы бир мисал: топ душмандын курчоосунда калган Эламан Ураимов аттуу жоокерибиздин өзүн-өзү 5-6 баскынчы менен кошо жардырып жиберген эрдиги жамы журтка дүң болду. Эмне деген баатырдык, эмне деген чоң эрдик! Ал эми анын атасы Ураим аксакалдын: "Эгер уулум колго түшүп берген болсо, андан кечип деле коймокмун!" деген кайраттуу сөзү көпчүлүккө үлгү болору, урпактарга нуска болору бышык. Карачы, сөөк башында канкакшап турса дагы, акылкөй атанын баскынчыларга кайтарган жообун! "Ата көргөн – ок жонот, Эне көргөн – тон бычат!" деген накыл кептин сабагы дал ушунда турат. Ошон үчүн ата-баба жолун улаган, нарк-насилин жадымдан чыгарбай, каада-салтын сыйлаган “атанын уулу – атуул” дейт.

Уларбек аттуу кырчындай жоокерибиздин: "Коркпогула туугандар, кыргыздын бир укум жерин душманга алдырбайбыз, аларды бир карыш алга жылдырбайбыз" – деген сөзү эмне деген керемет! Ал бирчети мекендештерибиздин жүрөгүн жибитсе, биресе жоокерлерибизге кадимкидей кайрат берди. Ал эми кипкичинекей бөбөгүбүздүн көптөн бери кутучага чогултуп жүргөн 505 сомун Баткен окуясында жабыр тарткан жарандарга жардам катары тапшырганда, баланын мындай жөрөлгөсүнө абдан ыраазы болгон көпчүлүктүн көзүнөн жаш айлантты, илгери үмүт байлады. Ал бала – биздин келечек! Ушундай уул-кыздары бар кыргыз эли эчкачан бирөөлөрдүн алдында күнкор болбойт, башын жерге салбай турганын бөркүңөрдөй көргүлө...

Ачыгын айтыш керек, бул жолку Баткен коогалаңына байланыштуу «маалымат согушунда» өз эл-жери үчүн чындап күйгөн, ортодо чыркырап турган чындыкты ачык айтып, кыргыз жоокерлерине дем-күч берген журналисттерибиз, блогерлерибиз, алтургай, катардагы эле окурмандар баскынчыларга жан тарткан, баардык күнөөнү кыргыз тарапка оодаргысы келген немелердин ташталканын чыгара тытып салды. Ташталканын чыгарганда да, андай антифейк маалыматтар көптөгөн чет тилдерде үзүлбөстөн үстөккө-босток берилип турду.

Уучубуз кур эмес экен: Атай Бейшенбек, Назира Айтбекова, Канышай Мамыркулова, Самара Каримова, Акимхан Рахватов, Азамат Арыков, Азамат Исмаилов, Мурат Соорбеков, Тынчтык Алтымыш уулу, Айзада Жамгырчиева, Рася, Актан, Али Токтакунов, Эдил Касенов, Адилет Ногойбаев, Ростислав Ященко сыяктуу көптөгөн шымаланган демилгечил жаштарыбыз медиа-айдыңдагы айыгышкан маалымат согушунун чыныгы командирлери катары таанылды. Каратаандай каптаган «фейктер-армиясын» ишенимдүү булактардан алынган ынанымдуу маалыматтар аркылуу тимеле талкалап ташташты. Азаматсыңар!

Дагы бир ирет баса белгилей кетейин: кылымдар кыйырын кырча басып келе жаткан кыргыз эли буга чейин мындай кыйчалыш кырдаалдарды далай жолу башыбыздан кечирип, жамандык-жакшылыкта кагылып-согулуп, турмуштан чоӊ сабак алган уюткулуу журтпуз. "Ачуу – душман, акыл – дос" дейт, сабырдуу бололу, бири-бирибизге жөлөк бололу! Жараткан кыргыз элин күтүүсүз каргашадан, бөөдө кырсыктан, жабышкак дарттан, орду толгус жоготуудан сактасын!..".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости