www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-сентябрь саат 15:00гө карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.
Белгиленгендей, ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 68 адам дарыланып жатат, ал эми 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:
1. Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;
4. Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;
"Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан 59 адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg