www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Сүйүнбек Сапарбекович, маегибизди ушул жумада эскерилип жаткан Аксы окуясынан баштасак. Тарыхый көз караштан алып караганда, Аксы окуясы сиз үчүн кандай мааниге ээ жана бүгүнкү бийликтин буга болгон көз карашы кандай?
- Аксы окуясы убагында көпчүлүктү селт эттирип, үрөйдү учурган окуя болду. Бул Орто Азиядагы оор учурда, мамлекеттин ичинде дагы саясий чыңалуу болуп турган мезгилде күтүүсүз жаралды. Ар кандай күчтөрдүн иш-аракетине, мамлекет менен болгон мамилесине түздөн түз корректировкасын киргизди.
Биринчи жолу тынч митингге чыккан адамдарга ок атылган. Эмнеден улам пайда болду? Ошол убакта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши боюнча катуу талкуу болуп, Азимбек Бекназаров пикирин билдирген.
Анан эле анын белгисиз себептерден улам камакка алынганын парламент жыйынында Бектур Асанов жарыялаган. Ошол убакта мен ЖК аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан элем. Азимбек Бекназаров кармалгандан кийин Аксы тургундары көтөрүлүп, эки негизги талапты коюшкан.
Биринчиси, Үзөңгү-Кууш боюнча, бир метр жерди да эч кимге бербейбиз деп катуу чыңалуу орун алган. Экинчиси, Азимбек Бекназаровдун боштондугу. Жыйынтыгында, элге ок атылып, бул окуя тарыхыбызда кара так болуп калып калды. Ал кийинки ыңкылаптардын түрткүсү болду десем жаңылышпайм. Себеби, азыр коомчулук ушундай баа берип жатат.
Эл биринчи жолу өзүнүн Манастын урпактары экенин, бийликтен коркпой турганын, күчүн жана кырын көрсөттү. Кыргызга мындай саясат алып баруу жакпай турганын билдиришти. Мына, ошондой кийин бийлик эл менен эсептешүүгө ооду деп ойлойм.
Көп саясатчылардын, коомдук ишмерлердин бели бекемделе түштү. Элдин үнүн укпай, баса калып, уйпалап, пикирин эске албай чечим чыгара берсе болот деген көрүнүш жоюлду. Бул окуяны дайыма эстеп, саясий баасын берип, көңүл буруп келатабыз. Быйыл 20 жыл толду, ага байланыштуу окуяны чагылдырган тасма да чыккан экен, жакында ачылышына барып катыштым.
Президентибиз Садыр Жапаров дагы бул окуя боюнча пикирин билдирди. Деги эле баш көтөргөн саясатчылар буга жогорку баасын берип келишүүдө. Себеп дегенде, тарыхыбызда коомдук күчтүн жаралуусу катары калды, мындан такай сабак алышыбыз керек.
- Кечээ жакында күтүүсүз жерден Коопсуздук кеңешинин жыйыны чукул өткөрүлдү. Себеби эмнеде?
- Суроо абдан туура болду, чынында жыйын чукул арада өткөрүлдү. Коомчулукта “эмне болуп кетти?”- деген суроо жаралды. Айрымдары аны Украина-Орусия коогалыңына, кээ бирлерди чек ара маселесине байланыштырып жиберишти. Андай эмес, бул жыйын президенттин иш планында бар болчу.
Жыйында генерал Камчыбек Ташиев чек арадагы абал, анда жайгашкан күчтөрдүн акыбалы, элдин социалдык абалы боюнча маалымат берди, пикирин билдирди. Генерал буга чейин эле пикирин билдирип, элди маселени жөн жерден коозутпоого, аны Украина-Орусия мамилесине салыштырбоого чакырып, чек арадагы абал көзөмөлдө болуп, ар кандай күтүүсүз жагдайларды алдын алуу боюнча күнүмдүк иш-чаралар өткөрүлүп жатканын маалымат каражаттары аркылуу элге жеткирип келген.
Бирок ага карабай чек арадагы коопсуздук маселесинин айланасындагы жөнсүз сөздөргө жооп иретинде Камчыбек Ташиев билдирүү жасады. Ошондой эле, ал киши өз сөзүндө азык-түлүк коопсуздугу, соцтармактардагы ашыкча пикирлерге жол бербөө маселесине дагы токтолду. Акыркы учурда мамлекетте тартип катуу орноп калды.
Президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өткөргөн жыйындар кечки саат 6дан кийин болот. Ага чейин, күндүз тиешелүү кызмат өкүлдөрү иштешет, кызматтык милдеттерин аткарышат.
Мына, ушундай жаңы маданият пайда болду. Бир нерсени айта кетейин, чек ара жана эл аралык маселе боюнча журтубуз абдан бекем турушу керек, бир муштумга айланышы керек. Себеби, өлкөнүн сырткы саясат боюнча позициясын президент же анын тапшырмасы менен тышкы иштер министри гана билдире алат. Башка коомдук ишмерлер, саясатчылар бул темага кийлигишпеши зарыл.
Чек ара маселесинде дагы аны тейлеп жаткан мамлекеттин жооптуу адамы, тагыраак айтканда генерал Камчыбек Ташиев гана билдирет. Бул анын моюнуна жүктөлгөн, жоопкерчилигин алды, ант берди, анын негизинде бүт иштерди жүргүзүп жатат.
Анан ар бирибиз кийлигишип атып, өзгөчө кооптуу, кырдуу маселелерге кесепетибизди тийгизип албашыбыз керек. Албетте, пикирлерге орун берилет, эске алып жатышат, сунуш жолдогон тараптар менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.
Деги эле бул маселеде жолугушуу өткөрүлбөгөн күн болбойт, ар кандай форматтагы жолугушуулар болуп жатат. Ошондуктан, мен коомчулукту тышкы маселе, чек ара маселеси талкууланып жатканда, ынтымагыбызды көрсөтүп, биримдикте болууга чакырат элем.
- Тактап кое турган маселе болуп жатат, Коопсуздук кеңешинин жыйынында тартылып алынган сүрөттөрдөн Камчыбек Ташиевдин катышканын биле албадык. Айрымдар ошондон саясат издешип, “Ташиев катышпай калды, президент экөөнүн ортосунда чыр бар окшойт”, - деген божомолун айтып жатышат. Ошондон улам, сизге суроо: эки достун мамилеси кандай?
- Ушул жерде так кесе айта турган бир нерсе бар. Эгерде өлкөдө кой үстүндө торгой жумурткалаган заман болуп турган болсо, достук маселесин алып чыксак, балким жөндүү болмок. Азыр биз кыйчалыш убакта, оор саясаттардын кесилиши, пикирлердин кагылышы күчөп жаткан учурда жашап жатабыз. Мамлекет ушундай абалдан өз жолун издеп, таап жатат. Эки дос деп жатышпайбы.
Менин оюмча, достук - жигитчиликтин, достуктун, ортодогу мамиленин ариеттүүлүгүн кылымдарга даңазалай турган көрүнүш. Достук - Конституциялык норма эмес. Эки күндүн биринде алардын жолугушуусун көрүп турам, дайыма жолугушуп турушат. Чек ара маселеси саат сайын докладды талап кылат.
Генерал Камчыбек Ташиевге аскер тармагынан, чек арада жайгашкан күч түзүмдөрүнөн, дагы башка жактардан саат сайын маалымат келип турат. Аны өз убагында президентке жеткирет. Бул биринчиден.
Экинчиден, экөөнүн кызуу талкуусуна, тартышына күбөмүн. Ар кайсы маселени кызуу талкуулашып, адистерди, консультанттарды чакырышат. Үчүнчүдөн, баштарын байлап, мамлекеттин жоопкерчилигин моюндарына алышты. Мен айтат элем, экөөнүн мамилесин - достуктун, жоопкерчиликтин, элдин мүдөөсүн аткаруунун кылымдарга улана турган үлгүсү катары кабыл алыш керек.
Муну эч убакта саясаттырбаш керек. Кээде операторлор тартканда камералардын ракурстары башкача болуп калат, анан албетте, эл кооптонуп баштайт. Айрым саясий күчтөрдүн чагымчылдык кылып, экөөн бири бирине каршы коюуга аракети да бар.
Бирок Кудайдын кулагы сүйүнсүн, алар мындай майда нерседен бийик тура алышты. Көңүл бурушпады, катуу сын айткан саясатчылар менен жолугушуп, компромисске барууга аракеттенип жатышат.
- Украинада болгон кырдаалдан улам Орусияга киргизилген санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири чоң болуп турбайбы. Ушундай кыйын кырдаалда президентибиз Садыр Жапаров мамлекеттин алдына кандай милдеттерди коюп жатат? Санкциялардын айынан кыйналып турган чагыбызда элге кандай жардамдарды берүү иш пландарды тийиштүү кызматтарга тапшырды?
- Аталган маселе боюнча Садыр Жапаров төмөнкү маселелерге токтолду. Биринчиден, эл ичинде жөнү жок, орунсуз ызычуу жаралбашы үчүн Мамлекеттик резервде, камсыздандыруу жана башка тийиштүү тармактарда иштегендер менен жолугушуп, тапшырмаларды берди.
Мыйзам жаатында Башкы прокуратура, чек ара боюнча Камчыбек Ташиевге тапшырма берилди. Так кесе айтчу нерсе - Садыр Жапаров менен өкмөт мүчөлөрү бир позицияда турат - калыс. Биздин башыбыздан да көп маселе өтпөдүбү, анда эч кимди кийлигиштирбөөгө аракет кылдык, андан ийгиликке да жете алдык. Биз дагы башка өлкөнүн ишине кийлигишпейбиз.
Бир гана тынчтык орносо экен деген тилегибизди айтып жатабыз. Ири өлкөлөрдүн ишине кийлигише албайбыз. Мурда саясатчыларыбыз деле айрым каталарды кетирчү, бүгүнкү өлкө жетекчилиги ага жол берген жок. Калыс мамиледе болуп жатабыз. Албетте, Россия менен көп жылдар экономикалык тыгыз байланышта болдук, көптөгөн келишимдерибиз, долбоорлорубуз бар, таасир бербей койбойт.
Баалар көтөрүлдү, айрым долбоорлор, келишишимдер кечеңдеши, ал турмак кээ бирлери аткарылбай калышы мүмкүн. Ошондой тобокелчиликтери бар. Бул боюнча өкмөт антикризистик программасын иштеп чыгып, өздөрүнүн сунуштарын тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жеткирди. Бирок үрөйдү учурган тополоң-тоз, кандайдыр бир каатчылык болот дегенден алыс болушубуз керек.
Ага эч качан жол берилбейт. Өкмөттүн атайын антикризистик программасы боюнча президент жолугушууларды өткөрдү, Министрлер кабинети тапшырма алды. Абал күн сайын көзөмөлдө турат. Ал эми доллардын өсүшү, баалардын көтөрүлүшү табигый көрүнүш, ири өлкөлөрдүн кагылышынын таасири. Ошондуктан, “баалар кымбаттап кетет экен, товарлар жок болот экен”- деп, биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктөрдү жыйнап алуунун зарылчылдыгы жок.
Эки-үч күн ошондой дүрбөлөң байкалды, бирок кайра эле дүкөндөр товарды толтуруп жатпайбы. Ооба, кырдаалга байланыштуу айрым товарлардын жеткирилиши кечеңдеп жатат, бирок бул каатчылык болот дегенди билдирбейт.
- Жакында кыргыз элин сүйүнткөн окуяга күбө болдук. Манас театрына имарат берилди. Анын ачылышына катыштыңыз. Мындай жакшы идея кайдан жаралды?
- Бул идея башынан эле бар болчу. Президент Садыр Жапаров Манас театрын ачканда “Маначыларыбыздын, акындарыбыздын өзүнүн үйү болсо экен”, - деп белгилебеди беле. Биз ушул маселе боюнча көп иш аткардык. Улуттун наркын, каада-салтын, өнөрүн муундан муунга жеткиргендер манасчылар, акындар, деги эле өнөр ээлери болот эмеспи.
Бул маселе боюнча Садыр Жапаров менен сүйлөшүп отурсак, Камчыбек Ташиев келип калды. Имарат тууралуу сөз болуп жаткан да. Ташиев “ушундай ылайыктуу үй бар, мамлекеттин карамагына өткөн”, -деп калды. “Сиз Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси менен байланышсаңыз, ага тиешелүү тапшырма берип коелу. Көрүңүз, үйдүн абалы кандай экен, театрга ылайыктуу бекен”, - деп мага тапшырма беришти.
Мен буга абдан кубандым. Бул абдан чоң нерсе да. Эң негизгиси президенттин тапшырмасын жооптуу кызматтагылар, тармактардын жетекчилери да колдоп кетишти. Мыйзамдуулук жагынан башпрокурор Курманкул Зулушев жардам берди.
Акылбек Жапаров каржы жагынан, Маданият министри Азамат Жамангулов да өзүнө тийиштүү жааттан колдоого алышты. Баарыбыз кубанып калдык.
- Манас темасын козгогондон кийин дагы бир маселе боюнча көз карашыңызды билгим келип жатат. “Манастын уулу Семетей” кино тасмасы тартылгандан кийин коомчулукта катуу талкууга алынды. Тасманын жабык көрсөтүүсүнө катышкан экенсиз, купулуңузга толдубу? Режиссер бул тасманы тартууда улут алдындагы тапшырмасын аткарыптырбы?
- Манасчынын баласы болгондуктан, Манаска байланыштуу тема жүрөгүмө жакын. Манас жөнүндө ким жылуу сөз айтса, Манастагы айрым үзүндүлөрдү жаш балдардын түшүнүгүнө жакын элпек тил менен өзүнчө китеп кылып чыгарса, кинолорду тартып жатса, мени абдан кубандырат.
Аталган тасманы эки жолу көрдүм. Режиссердун эмгегин баалайм. Бул да болсо Манасты жайылтууга болгон аракет. Ал эми режиссура жаатында, теманы ача алдыбы, элге жеткире алдыбы деген боюнча драматургдардын, кино адистеринин пикири башкача болду. Садыр Жапаров да көрдү, ал киши дагы өзүнүн пикирин “бул тасманы дагы бекемдеш керек, толукташ керек”- деген мааниде айтты.
Мен кино адиси болбогондуктан, тасманы мыкты же начар деп айта албайм. Аракеттин, демилгенин болгонуна гана кубанам. Бирок менин оюмча, муну дагы иштеш керек деген пикирлер туура.
Режиссерго ийгилик каалайм, сын пикирлерди эске алып, дагы өзгөртүүлөр болобу деген ойдомун. Мени кубандырганы – адамдардын арасында Манасты таркатуу боюнча демилгелердин чыгып жатышы.
- Сүйүнбек Сапарбекович, Кыргызстан эгемендүүлүк алганына 30 жыл болду. Ар дайым “Кыргыз мамлекетинин идеологиясы кандай болушу керек?”- деген нерсенин үстүндө келатабыз. Ага ылайык, ар кандай пикирлер, сунуштар айтылып калат. Жеке мен сизди жандүйнөңүз идеяга толгон адам катары билем. Бул боюнча да оригиналдуу кадамдарыңыз, ойлоруңуз болсо керек?
- Кыргыз журтунда алмуздактан ушул күнгө чейин салтыбыз, наркыбыз, адатыбыз кылымдан кылымга, укумдан тукумга, муундан муунга өтүп келгени өтө бийик жана ыйык. Кыргызда улуттук идеологиянын эң эле туу чокусу – адамдын коомдогу акыбалы, бактылуу, ырыс-кешиктүү жашоосу.
Адамдардын балдарынын келечегинен чоң үмүтү болсо, мамлекетке ишенип, мамлекеттик саясатты туура түшүнүү менен кабыл алса - бул идеологиялык иштин туура багытта баратканынын белгиси. Бактылуу өлкө бактылуу адамдардан турат.
Экинчиден, бизде жети ата институту бар. Бул өзгөчө көрүнүш. Жети ата эмне иш кылган, мал, жайыт, конуш, уруулар аралык мамилелер – мына ушул институтта камтылган. Жети ата сүрүштүрүүнүн дагы бир касиети - жети ата өтмөйүнчө кыз алышпаган. Жакын туугандарды кыз алышпаган туугандар дешет.
Жакында коомчулукта ушундай талаш болбодубу, жакын туугандардын кудалашуусу боюнча. Кыргыз ден соолуктун, уруктун тазалыгы үчүн жети ата сүрүштүрүп, ага чейин кыз алышкан эмес. Мына ушундай касиетибизди, Манасыбызды, наркыбызды санжыра аркылуу атадан балага айтып келатабыз.
Көчмөн эл экенибизди, учурунда каганаттарды түптөгөнүбүздү, Манасты жаратканыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Айрым учурда: “Мамлекеттик катчы Манас менен боз үйдүн тегерегинен чыга албай жатат”- дегендей пикирлер болуп калууда.
Биз кантип кайнене менен келиндин, кайын журттун, уул-келиндин мамилеси сиңген боз үй маданиятын айтпай коебуз? Аны кичүү муунга жеткириш керек жана бүгүнкү саясатты да унутпоо кажет. Салтыбызды сакташыбыз зарыл.
Мисалы, Англиянын “темир аял” атыккан мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчер: “Улуу Британияны салттар башкарат”,- деп айткан. Салт мыйзамдан да күчтүү көрүнүш. Айрым салттардагы нормаларды мыйзамдарга отургуза албайсың, ал адамдын каны менен келген эрежелер.
Ошол эле, атчан киши жөө кишиге салам айтат, өйдөдөн келаткан киши ылдыйдан келаткан кишиге озунуп салам айтат, азчылык көпчүлүккө салам жолдойт деген наркыбызга, каныбызга сиңген көрүнүштөр бар. Муну унутпашыбыз керек.
Тарыхыбызды, улуттар аралык мамилебизди айтып жүрүү зарыл. Мен дайыма айтып келем, Манаста “Жетимиш бөлүк тон кийген, жетимиш тилде сүйлөгөн Алымкандын Ажыбай” деп айтылат. Ойлоп көргөн кишиге, өлкөбүздө 70 улут болгон экен да, ошончо тилде сүйлөшүп, ошончо маданияттын тутуму болуптур.
Семетей Таласка кайтып келатканда жолдон Кан Бакай тосуп чыккандагы окуяны Саякбай Каралаев баш болгон манасчылар күндөп-түндөп айтышчу. Бакайдын кеңеши кишини таң калтырат. Кыргыз мамлекетинин түзүмү айтылган да.
Мындай жайыт, мындай тоо, мындай дос, мындай душман бар, мындан чатак чыккан, бул эл менен мындай мамиледе болгонбуз дегендин баарын термелеп айтып келип, “Семетей балам, ушунун баарын билип ал, кулагыңа илип ал”, - дейт эмеспи. Тал-Чоку окуясын айтканда, ошол убактагы кыргыздардын жаратылышка, өсүмдүккө болгон мамилеси ачыкталат. “Алмасы түшүп дөң болгон, жаңгагы түшүп көң болгон” деп сүрөттөгөндө денең титирейт.
Мына ушулардан бери айтылып жаткандан кийин, улуттун уңгусун кантип эстен чыгаралы. Кайсы маселени болбосун каза келсең, Манаска барып такалат. Андан сырткары уламыштар да өтө көп. Мисалы, бир хан болот экен, коңшу эл хандын күлүгүн уурдап кетишет. Жигиттердин бири атын чаап ханга келет. “Хан, күлүгүңүздү уурдап кетишти”,- десе, хан: “Ат табылаар, ат үчүн чатак чыгарбагыла”,- деп коет.
Экинчи күнү хандын жакшы көргөн аялын уурдап кетишет. Мында да хан: “Эл ичинен аял табылаар. Элдин бүтүндүгү, жердин бүтүндүгү үчүн чатак чыгарбагыла”,- дейт. Үчүнчү күнү жигиттер дагы ханга келишет, бул сапар коңшу элдин өкүлдөрү хандыктын бир оюм жерин ээлеп алышкан болот. Хан муну угаары менен желбегей жамынган чапанын кийе салып, “Аттангыла, жигиттер! Каруубузду казык, каныбызды азык кылабыз, жерибиз үчүн өлүп беребиз!” – дейт.
Балким, бул салыштыруум одоно болуп калаттыр, бирок кыргыз жер дегенде катуу турган. Аксы окуясы да жер маселесинен башталбадыбы. Мына, ушуларды китеп кылып чыгарып, элди абийирдүүлүккө, ынтымакка үндөгөн сериалдарды тартсак эмне! Мен бул боюнча тапшырмаларды берип жатам. Президент тарабынан мектептерге ыйман, дин сабагын киргизели деген сунуш болгон.
Ал колдоого алынып, тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан улантылып жатат. Биз бала кезде Ломоносов, Достоевский, Токтогул, Түгөлбай Сыдыкбеков ж.б. залкар акын-жазуучулардын өмүр таржымалына, чыгармаларына суугарылдык. Ушунун өзү идеологиянын туу чокусу болгон да. Биз бул ишти мындан ары улантабыз. Азыр “дух вагон экен” деп айтып жатышпабы, кыргыз качан ушинтип айтчу эле. Кыргызда дем эле деп коет. “Элди алдыга сүйрөгөн, эмиң барбы, кыргызым?
Элге келген душманды сүрүүгө, демиң барбы, кыргызым” деп айтылат Манаста. “Белдүү, демдүү азаматтар барбы?” деп айтылган. Каршы иштерди жасагандарды дубанды бузуп, туу жыгаарлар деп аташкан. Баласын дарга асаарда кыргыздын гана аялдары: “Өлүмгө тике кара, уулум!”, - дешкен. Курманжан датка, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза сыяктуу энелерибиз эркектер менен тең ата болуп, тебетейин силкип, душманга каршы турушкан.
Көчмөн демибиз, маданиятыбыз, каганаттарыбыз улуу аскалардын боорунда калган жазуулар менен эбак далилденген. Ушунун баарын өзүбүздөн кийинкилерге саймедиреп турушубуз керек.
- 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийинки өтө оор кезде президенттин администрациясын жетектеп, ал кызмат жоюлганга чейин иштедиңиз. Ошол учурда президенттин аппаратынын отура турган жери да жок болгон. Кыйын кырдаалда ишти кантип жөндөп кеткениңиз тууралуу айтып берсеңиз?
- Сурооң чынында абдан кызыктуу болду, мага буга чейин эч ким мындай суроо берген эмес. Одоно айтканда, “эмне кылып жыргатып ийдиң” дегендей эле суроо да. Мен Жогорку Кеңештин аппаратында, мамлекеттик кызматтарда 40 жылга жакын иштедим. Жогорку Кеңеште өмүрүмдүн 29 жылы өттү. Негизги ишим - уюштуруу иштери. Октябрь окуясынан кийинки оор учурда президенттик администрациясынын көп кызматкерлери кызматтан бошоп кетишкен экен.
Акүйдүн ичи талкалангандыктан, отурганга орун жок. Ызы-чуу болуп, ким келет, ким калат деген оор учурда Садыр Жапаров чакырып калды. Камчыбек Ташиев дагы “Ушундай учурда жардам бербесеңиз болбойт, ушул учурда мамлекетке керексиз”,- деди. Макул болуп, иштей баштаганымда биринчи кезекте отураар орун катары Башкаруу академиясынын биринчи, экинчи кабатын сурадык.
Андан көп өтпөй, мага жардамга, прессаны жетектеп сен келдиң, Нургазы. Биз биринчи кезекте көп жылдан бери иштеп келаткан адистерди сактап калдык. Президентке ишти улантып кетүү үчүн адистерди алмаштырбайлы деп сунуштасам, ал киши “Эч ким алмаштырылбасын”, - деп дароо колдоого алды. Ал убакта Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турган.
Адегенде эле кагаз ишин иретке келтирдик. Өлкөнү тез эле укуктук талаага киргизип кетпедикпи. Ошондогу иш кагаздарды жүргүзүү, протоколдоштуруу, экспертизадан өткөрүү, өкмөттүн пикирин алуу иштеринде көнүп калганымда ыкчам уюштурдум. Президент шайлангандан кийин инаугурациясын өткөрдүк. Президенттин алгачкы дүңгүрөгөн 15 Жарлыгын жарыя кылдык.
Анын башкыларынын бири адеп-ахлак боюнча Жарлык ушул кезге чейин таасирдүү болуп, кызуу талкууга алынууда. Калгандары бүгүнкү күндө да күчүндө, инвестициялык, экономикалык саясат ошонун негизинде кетип жатат.
Бирөөсүнө да өзгөртүү кирбеди, улантылып, өнүгүп келатат. Көптөгөн жыйындарды өткөрдүк. Баары бийик деңгээлде болду. Анткени, бул иш мен көнгөн, 30 жыл өмүрүмдү арнаган иш эле. Андан кийин президент мага мамлекеттик катчылыкты сунуштады.
Маектешкен Нургазы Анаркулов,
Булак: Майдан. kg гезити