www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Согуш жана пацифизм
Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын жанында, согуштун куралы болгон кылычты тынчтык мезгилинде жер иштеткен сокого куюп жаткан адамдын айкели орнотулган. Бул айкел Экинчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында 50 миллиондон ашуун адам өлгөндөгү үрөйдү учурган мезгилинен калган адамдардын сезимдерин чагылдырып турат. Ошол жоготуулардан кийин биздин дүйнөбүз тынчтыкта жашай алдыбы?
Бирок көптөр бул согуштан таптакыр башкача сабак алган сыяктанат: бул катаал дүйнөдө бизге мыкты аскерлер жана акчага сатып алууга мүмкүн болгон эӊ күчтүү курал керек деген сезимдер туулат. Ушул күнгө чейин дүйнөдөгү өлкөлөрдүн бардыгы миллиарддаган долларларды өздөрүнүн куралдуу күчтөрүн чыӊдоо үчүн жумшашат. Биз дагы деле эӊ күчтүү «кылычтарды» жасап келе жатабыз.
Бул сабактан кандай туура тыянак чыгарууга болот? Согуш менен биротоло кош айтышыбыз керекпи же андан качып кутулууга мүмкүн болбогондуктан, ага даяр болушубуз керекпи?
Согуш: ал кимге керек?
Согуш – бул дайыма трагедия. Кинотасмалар канчалык даӊктуу жана эрктүү болуп көрүнгөнү менен, согуштун ветерандары жана андан аман калган аскерлер, анын адамдарга жана планетабызга келтирген үрөйдү учурган зыяндуулугунун тирүү күбөлөрү боло алышат. Талаалар менен токойлор түтүнгө, сасык жыттарга жана өлүмгө толгон. Согуш аяктагандан кийин ондогон жылдар бою жарылбай калган бомбалар жана калып калган миналар дагы деле адамдардын өлүмүнө жана жашоосунун талкаланышына алып келип жатат. Аларга туш болгон кээ бир адамдардын денелери таанылгыс болуп мунжу болот, ал эми кээ бирлери болсо таптакыр табылбай калган учурлар да бар.
Адамдык мамиле тарабынан карай турган болсок, анда согуштун айынан биз душманыбыздын бизге окшогон адам экенин да көрбөй калабыз. Согуш мезгилинде бир эл өзүнө душман болгон башка элдерди басынткан сөздөр менен кемсинтишет, же өздөрүнүн жарандарын душман элди жек көрүшү жана аларга ишенбеши үчүн ар кандай жек көрүүчүлүк пропагандаларды жүргүзүшөт. Ушинтүү менен улуттар жана жол башчылар, жек көрүү менен душманды кырып жок кылуу үчүн өздөрүнүн аскерлерине дем беришет.
Бирок качан биз душманыбызды кемсинткенде, өзүбүз да жүзүбүздү жоготобуз.
Эмнени тандоо керек: пацифизмдиби же коргонуунубу?
Пацифизм. Согуштун үрөйдү учурган зыяндуулугун эске алып, андан таптакыр эле баш тартып коюуга мүмкүнбү? Мындай кылгандардын саны көп – пацифизмдин узак тарыхы бар. Байыркы грек пьесасы «Лисистрата» биринчи жолу биздин доорго чейинки 411-жылы коюлган жана Пелопоннес согушуна каршы (б.з.чейин 431-404 ж.) нааразычылык пьесасы катары чыккан. Америка Кошмо Штаттарынын тарыхында да Вьетнамдагы согушка каршы көтөрүлүштөр чыгып, азыркы күнгө чейин ядролук куралга каршы иш-чаралар көрүлүп келет. Акыркы жылдардын эӊ атактуу пацифистти катары таанымал болгон Махатма Ганди (1869-1948 ж) Индиянын Улуу Британиянын көз карандысыздыгынан узакка созулган жана кан төгүүсүз эле, тынчтык жолу менен чыгуу үчүн, колунан келгендин бардыгын жасаган деп көптөр айтышат.
«Бул иште мен да өлүмгө даярмын. Бирок, достор, мен башкаларды өлтүрүүгө даяр болгудай эч кандай себебим жок». Махатма Ганди, 1925.
Көптөрү улут аралык же этникалык жактан чыӊалууну жараткан кырдаалдар ачык кагылышууларга айланып кетпеши үчүн, аларды тынчтык жолу менен чечүүгө активдүү аракеттерди көрүшөт.
Коргонуу. Бирок башка жагынан, тарыхты карай турган болсок, анда көптөгөн адамдар жамандыкка толгон жана бузулган бул жерде, кээде, башка адамдарды коргоп, аларга кызмат кылуу үчүн, согушууга да баруу керек деп ишенишкен. Кошуналарыбызды кыйнап жатканына же алардын согушта өлүп жатканына жол берип, кантип карап тура алмак элек?
Экинчи дүйнөлүк согушту эстеӊизчи. Франция Германияга Польша менен Бельгияны күч менен басып алышына жол берип, унчукпастан карап тура берсе, туура болот беле? Же Япония 1947-жылдын 7-декабрында Перл-Харборду жардырып салганда, АКШ аларга эч кандай чара көрбөй койсо туура болот беле? Эгерде ошол согушта Гитлерге каршы Европадан эч ким каршы чыкпай койсо, анда биздин азыркы дүйнөбүз кандай болот эле?
Көп адамдардын пикиринде согуштар болбой койбойт же бири бирине «бул жамандык керек» дешет.
Чектелген согуш – бул акыркы каражат.
Согуштун болушу – аргасыздык ыкма деп эсептеген адамдарда: «Кайсы согуштарды актоого болот?» деген суроону пайда кылат. Эгерде тарыхты карай турган болсок, анда көптөгөн согуштар татыксыз себептерден улам чыкканын көрө алабыз: мамлекет башчысынын өзүмчүлдүгү, текебердиги же кызганчаактыгы; жерлерди же жаратылыштын байлыктарын басып алуу; же – андан да жаманы – кандайдыр бир адамдардын тобуна болгон жек көрүү жана аларды жер бетинен жок кылуу. Ушул күнгө чейин бийлик башында отургандардын көбү согушту, өздөрүнүн каалаган нерсесине жетүү үчүн «курал» катары көрүшөт (Сириядагы согуш мунун айкын үлгүсү).
Эгерде президентибиз же башкы жетекчибиз согушка бар десе эле, биз согушка бара беришибиз керекпи? Августин Гиппонский (354-430 ж.) жана Фома Аквинский (1225-1274 ж) адилеттүү согуштун критерийлеринин түзгөн авторлору.
Төмөндө алар түзгөн негизги принциптер берилген:
Адилеттүү согуштун критерийлеринин резюмеси:
Акыркы каражат жана адилеттүү себеп: куралдуу кагылышуулар болгонго чейин, талашты тынчтык жол менен чечүүгө карата мүмкүн болгон бардык аракеттерди көрүү зарыл. Агрессор тарабынан конкреттүү, олуттуу жана узакка созулган зыян келтирүүдөн кийин гана, ага жооп катары согушту ачууга жол берилет.
Туура ниет: согуштун мотиви катары жакшылыктарды алдыга жылдыруу же жамандыктын алдын алуу гана болуусу абзел. Өч алуу, көтөрүлүш чыгаруу, имперализм, жазалоо, кан төгүүнү каалоо, башкаруу жана эксплуатациялоо согушту актай албайт жана ал үчүн алгылыктуу шылтоо боло албайт.
Максаты тынчтык: согуштун акыркы максаты – бул тынчтыкты орнотуу болушу керек. Чыр-чатактар жок кылынышы керек болгон жамандыктан ашып түшкөн башка жамандыкты жаратпашы керек жана зордук-зомбулуктарды мүмкүн болушунча азайтуу абзел.
Ийгиликтин мүмкүнчүлүгү: ийгиликтин олуттуу келечеги болушу керек; жеӊишке үмүттөнбөгөн аскердик иш-чараларды актоого мүмкүн эмес (бизге аскердик шейит болуунун кажети жок).
Басмырлоо: тынчтык жарандары коркунучта болбошу керек, ал эми туткундарга урмат-сый менен мамиле жасалышы керек.
Акыркы бир нече жүз жылдарда адилеттүү согуштун маданияты чоӊ таасирге ээ боло алды. Мисалы, көптөгөн согуштарда өлкөлөр жана алардын башчылары салгылашуу учурунда «аскерлерге тиешеси жоктордун» өлүмү тууралу тынчсызданышчу да эмес, мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги жөнөкөй жарандардын конуштарын өрттөгөн учурлар аз эмес. Бирок бүгүнкү күндө карапайым адамдар менен активдүү боевиктердин ортосундагы айырмачылыгы коомдун аӊ-сезимине тереӊ сиӊип калган. Көптөгөн өлкөлөр согуш жүрүп жатканда карапайым жарандарга зыян келтирбегенге жана аларды өлтүрбөгөнгө аракет кылышат, бирок эгерде ушундай болуп кала турган болсо, анда бул коомдо өтө олутту резонансты пайда кылат.
Эгерде жогоруда адилеттүү согуштун айтылып кеткен критерийлерин дүйнөдөгү бардык өлкөлөр чынчылдык жана бирдей кабыл ала турган болсо, дүйнөбүз кандай болот эле? Анда согуштар өтө аз жана жергиликтүү гана болуп калмак. Анда өлкөлөр өздөрүнүн максатына жетүү үчүн же өлкө башчылардын жеке амбициясынын ишке ашыруусу үчүн согуштар «куралга» айланбай, акыркы гана каражат болуп калмак. Бул максатка жетүү үчүн барыбыз күрөшө алабыз.
Согушту жана кагылышуу иш-аракеттерин токтотуу үчүн биз төмөнкү нерселерди жасоо менен өзүбүздүн салымыбызды кошо алабыз:
Тынчтык үчүн, акылмандык менен дүйнөнү башкаруу үчүн, өзүбүздүн душманыбыз деп эсептеген адамдар жана улуттар үчүн сыйыныӊыз.
Согуштар тууралуу дискуссияларга өндүрүмдүү салым кошо алышыбыз үчүн, география жөнүндө, глобалдык көйгөйлөр жөнүндө, зомбулук жана саясаттар жөнүндө кабардар болуӊуз.
Чыр-чатактар согушка айланып кете электен мурда, аларды чечүүгө карата жасалган иш-чаралар. Маданият, этникалык жана улуттук чөйрөлөрдө карым-катнаштарды түзүү. Ар бир чыр-чатакты, ар бир согушту же зордук-зомбулукту тереӊ изилдеӊиз. Бул чатак адилеттүүбү же жокпу? Адилеттүү согуштун критерийлеринин талаптары чындап эле аткарылдыбы же жокпу? Анткени согуштар дайыма эле адилеттүү боло бербейт, адамдар жаӊылыштык кетиришет, ошондуктан биз адилетсиз согуштарга катышуудан баш тартууга даяр болушубуз керек.
Булак: NazarNews.kg