www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2005-жылдагы 24-март окуясы 2010-жылдын 7- апрелинде дагы кайталанды. Бул сапар жүздөй кырчындай өмүрлөрдү алып кетти. Колдорунда таш- таяктан башка куралы жок, снайпердин жааган огуна төшүн калкан кылып тосуп, улам алга агылып, атылган окту жыланач денеси менен багындырган эр- азаматтарды сүрөгөн кандай күч, “жандарынан кечкенге эмне түрткү болду?”- деген суроо дене-боюнду титретип, башынды маң кылат. 24-мартта калпагыбызды көккө ыргытып, “революция жасадык” деп терибизге батпай сүйүндүк эле, 7-апрелде жондон ныгыра баскан жүктөн арылып, эркиндиктин абасын жутуп жеңилдей түшсөн да эмнегедир бүдөмүк, кооптонуу ойлор пайда болуп айланчыктап алгандай.

24- март көпчүлүгүбүздүн жан-дүйнөбүзгө революциянын үрөнүн сээп кеткенин, ал үрөн эртедир-кечтир өнүп чыгарын жүрөгүмдүн түпкүрүндө сезип жана эртерээк баш багуусун каалап келсем да канга сугарылган каргашалуу күнгө айланарын ким күтүптүр. Ооба, аны көпчүлүгүбүз күтпөсөк да адилетсиздике каршы аттанган эр-азаматтар билген, билбесе ок атылып, бирөө жарым окко учканда чегине беришет эле да. Антишпеди. Көпчүлүктүн, сүрмө топтун сүрөөсүнүн күчүбү же кан көргөндөн кийин коркуу сезими өчүп калдыбы? Же жанды кайыштырган көр турмуш өлүмгө тике каратып, өмүргө кайыл кылып койдубу? Же болбосо жарык дүйнөгө таза жан-дүйнөсү менен жаралган, куулук- шумдукту билбеген, басынтканга, кордукка ар-намысы моюн сунбаган, жүрөгү акыйкатты, чындыкты гана кабылдаган элибиздин өзгөчө табыятыбы? Эгер бул улутка мүнөздүү сапат десек анда эмне үчүн мындай эл бирин-бири кырганга жол берди (?) деген суроо туулат.

Бул жерде элге күнөө артканыбыз акыйкаттыка жатпас “кой майрыгы менен миң” дегендей эл башчыларын тандоодо жаңылыштык кетириптирбиз десек актанганыбызды айтып анын артында кемчилигибиз көрүнүп турганын кантип жашырабыз. Анткени, башчылардын татыксыз экенин баамдагандай кийин оң жолго салганга же татыктуусун тандап алганга эмне жолтоо болду (?) деген суроо өзүнөн-өзү жаралып атпайбы. Же бийликти кан төгүү менен кулатуудан башка айла-амалы калбады беле? Ооба, суроо абдан көп жооп да аз эмес. Бул каргашалуу окуяга коомчулук баасын берип, тыянак чыгара албаганы өкүнүчтүү.

Окко учкандарды “кыргыздын патриоттору, баатырлары, Манастын урпактары “ деп өзүбүздү өзүбүз мактап, жетим-жесир калгандардын көксөөсүн материалдык жардам менен суутуп, жоо чаап келгенсип улуттун жеңишине, майрамына айлантып алганыбыз менен дүйнөлүк коомчулуктун алдында жүзүбүзгө көлөкө түшүрүп алган жокпузбу? Жеңиш дегидей жашообуз оңолуп кетсе да жүзүбүз жарык болбойт беле. Эркиндикти, акыйкатты сүйгөн улуу эл экенибизди адам өмүрүн баалай билген, боор тартуу, кайгыны тең бөлүшүү сезимдер менен далилдей, күнөөлүлөрдү жазалай албай келечек муунга, урпактарга калтырып жатканыбызды кечиришер бекен... “Шамал болбосо чөптүн башы ыргалбайт” дегендей, бир эмес эки жолу кайталанган саясий окуя жөн жерден, өзүнөн-өзү жаралган жок да. “Авторитардык режимге, үй-бүлөлүк башкарууга каршы элдик ыңкылап болду”- деген оппозиция лидерлеринин, Убактылуу өкүмөт мүчөлөрүнүн тыянагы менен чектелип калганыбыз, коомчулук тараптан баасын ала албаганын, бийликке келгендердин бир тараптуу баасын гана туюндуруп атпайбы.

24-март, 7-апрелдин ортосун беш жыл бөлүп турса да биринчи көтөрүлүштөн кийин эч нерсе өзгөрүүсүз калганы, режим кайра күчөп, акылга сыйгыс чекке жетип, экинчи революциянын келип чыгуусуна түрткү болгону, көтөрүлүш кур сын-пикирден өйдө көтөрүлө албаган, ой- максатсыз, идеясыз ишке ашканын айгинеледи. Бул өңүттөн алып караганда, 7-апрель окуясы биринчи ыңкылаптан айырмасы деле болгон жок. Эгер болсо анда биринчи революцияда алданып калган оппозиция лидерлери Бакиевден өчүн алышты. Булардын тирешүүсү Ош окуясынын келип чыгышына негиз болуп бербесе да, залакасын тийгизбей койгон жок. Ал эми “саясий системаны өзгөрттүк” деп партиялык башкарууга негизделген Башмыйзам, Акаев менен Бакиевдин бийлигинен айырмасы аз экени, формасы гана өзгөрбөсө маңыз-мазмуну ошол бойдон калганы, авторитардык, үй- бүлөлүк башкаруунун ордуна партиялык-кландык режимдин башы өсүп чыкканына күбө болдук. Убактылуу өкүмөттүн Конституцияга “чолосу” деле тийбеди.

Асмандан тилегени жерден табылып, жомоктогудай мансап-байлыка бир заматта чөмүлүп жатып калышты. Саясий системалардын теориясын жакшы өздөштүргөн Ө.Текебаевге Башмыйзамды карматып коюшту. Бүгүн өзү жазган мыйзамдын курмандыгы болуп отурат. “Менин катам өкүмөттү кура деп Р.Отунбаева берген мандаттан баш тартып койгонумда болутур”- деп өкүнүп жатпайбы. Жок, Текебаевдин катасы, жаңылыштыгы Башмыйзамды, “өз баласын”, биринчи күндөн баштап коргоп, атадай мамиле кыла албаганында, Атамбаевке асыранды кылып берип койгонунда. Албетте, парламентаризимдин тамыр алып кетишине кедерги болчу обьективдүү себептер бар. “Демократия башкаруунун эң начар түрү бирок, адамзат андан жакшысын ойлоп таба албады”- деп У.Черчилль айткандай, демократия татаал, узак эволюциялык жол экенин цивилдүү өлкөлөрдүн тарыхы тастыктап турат. “Партиялык система”, “парламенттик башкаруу” деп ак баракка жазып койсок эле демократия орноп агарып кетпейбиз.

Демократия - бул натыйжа, жыйынтык. Кысымды, зордук-зомбулукту адам табияты сүйбөгөндөй эле демократия да мажбурлаганды жактырбайт же кабыл ала албайт. Демократияга коом муктаж болуш керек. Ал муктаждык каалодон же саясий талаптын мүмкүнчүлүгүнөн эмес, материалдак баалулуктардан жаралат. Бирок, “улуттардын айырмачылыгы канча болсо өзгөчөлүгү да ошончо” деп орус академиги Д.Лихачев айткандай, ар бир элдин мандайына жазганы, өз жолу бар. Ошондуктан, 24-март, 7-апрель окуяларына адашкан жолубуз себепкер болду десем аша чапкандык болбос. Партиялык система кандайдыр бир деңгээлде элдин талабын канагаттандырышы мүмкүн бирок, ал мүмкүнчүлүктү өнүккөн коомдо партиянын идеясына, программасына карап тандоо жүргүзсө биз уруулук деңгээлден өйдө көтөрүлө албай аткан регионализм, трайбализм өндүү илдеттен көрүүгө болот, тилекке каршы.

Бирок , уруулардын башын бириктирип, миңдеген жыл улут катары сактап келген өзгөчөлүгү улуттун үрп-адаты, каада-салты, дүйнө-таанымы, маданияты. Демек, саясий система, башкаруу бийлиги улуттун менталитетине жооп бербесе, кыртышы кабыл ала албайт. Эгемендик алганы кыргыз бийлиги Башмыйзамды кол жоолука айлантып, эл тарыхын, тагдырын экспермент кылып ойноп, саясий курал катары колдонуп, өздөрүн өзү билип, өтүгүн төргө илип келишет. Ооба, мамлекеттик түзүлүш, башкаруу бийлиги, саясий-экономикалык саясат СССРден калган мурас. Албетте, жыйырманчы кылымдын башындагы кыргыздарга окшогон сабатсыз, көчмөн элдердин өсүп-өнүгүүсүнө советтик доордун салымы теңдешсиз экени талашсыз. Бирок, бүгүн кайра базар экономикасынын өздөштүрүп, капиталисттик коомдун мыйзамы менен жашоого туура келип жатканда убакытты шаштырып, тарыхый эволюциялык жолду аттап өткүбүз келет.

Биздин мындай аракетибиз канчалык демократ көрүнгүбүз келсе да ошончолук эски системанын (административдик башкаруу, бюрократия) тартылуу күчүнөн чыккыбыз келбей жатканын билдирип турат. Ал эми демократиянын өзөгү капиталисттик коомдо калыптанат. Эгер биз жок дегенде феодализимди баштан кечиргенде капиталисттик коом, базар экономикасы дейбизби бүгүнкү замандын талабына карата түшүнүгүбүз башкача болмок. “Бытие определяет сознание” деп марксистер айткандай, кечээки көчмөндүк турмушту, өз баалуулуктарыбызды эске албаганыбыз, отурган бутагыбызды кесип салганга барабар. Капиталисттик коомдун маховиги болгон буржуй табы калыптандыбы? Жок, бизде саясий элита деген башкаруучу тап пайда болду. Ырас, буржуй табынын катмарын түзгөн майда, орто, ири бизнестин өкүлдөрү аз эмес бирок, булар эски системадан калган бийлик монополиясына көз каранды түшүнүктөн арыла алышпай, кайра андан коргоо издеп же капиталын байытуунун жеңил жолун көрүшүп бийликке жутунушат.

Мындай көрүнүш азыр парламентте даана көрүнүп турбайбы. Анткени , капитализмдин саясий-экономикалык мыйзамы жолго коюлбай, баары саясатка байланып калган. Саясат байуусуна, коопсуздугуна кепил болуп берет деп ойлошот. Демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө саясат экономикага көз каранды. Байлар саясий партия түзүп, саясат менен алектенгенден көрө экономикалык кызыкчылыгын, саясий укугун коргоп, саясатка таасирин тийгизип, үстөмдүгүн көрсөтө алчу буржуй табына баштарын бириктирип, рынок мыйзамдары иштеп, эрежелери сакталган капиталисттик коомдун калыптанышына кызыкдар болушса мамлекеттин демократия жолунун арбышына кошкон салымы чоң болмок. Анткени, экономиканы иретке келтирип, тартипке сала албасак, рынок жолуна коюп, көз карандысыздыгына жетише албасак, демократия анан калса саясий туруктуулук жөнүндө сөз кылуу эртерээк кылат.

7-апрель саясий окуясы көрсөттү го мародерлуктан корккон байлардын “биз эл мененбиз” деп дүкөндөрүнө, кафелерине, кыймылсыз мүлктөрүнө жазып коюшканын. Акаев менен Бакиевдин көзүн караган бизнес бүгүн бийлик менен камыр-жумур болуп жуурулушуп, партиялык, кландык режимди, олигархиянын монополиясын, диктатурасын жаратты. Бүгүн бир партия башында турса эртең башкасы, бүрсүгүнү үчүнчүсү дегендей орун алмаша бериши мүмкүн бирок, маңызы өзгөрбөйт. Өткөн парламенттик шайлоого шайлоочулардын үчтөн бири гана катышканын, ал добуштарды парламенттеги партияларга бөлө келсек партиялык системанын, саясий партиялардын тамыры тайыз, өзөгү жукалыгын айтып турбайбы.

Ал эми бөгөттөн өтпөй калган партиялардын добушун кайда катабыз. Анан ЖКте эки-үч гана партия болуш керек дегенде логика барбы? Анда эмне добуштун санына карабай эле бөгөттү дагы көтөрөбүзбү? Эки-үч партия эмес шайлоочулардын үчтөн биринин колдоосуна ээ азыркы ЖКтин мамлекеттин жогорку бийлик бутагы болууга моралдык укугу барбы? Же шайлоочулардын 15-20 пайызы катышса деле шайлоо өттү деп эсептесе болобу? Референдумда кабыл алынгандан кийин шайлоочулардын саны мааниге ээ эмес деген жүйөнү карманышары мүмкүн. Бирок, 2010-жылдагы референдумга да көпчүлүк катышпаганын, добуш бергендер “батыраак саясий туруктуулук орноп, мыйзамдуу бийлик келсе экен” деген ойдун жетегинде болгону да ырас. Шайлоо бул саясий партияларды, президентти тандоо гана эмес саясий системага, башкаруу бийлигине коомчулуктун берген баасы.

Анысы аз келгенсип премьер- министирдин ыйгарым укугун кеңейтүү да логикага сыйабы? Анан калса жыл айланбай сары улака чабыла берген өкмөт башчысынан пайда канча? Премьер-министирдин кол жоолуктай алмашканы коалициялык өкүмөт болуп калганында эмес ЖКтин бечелдигинде, мыйзамддуу укугуна ээлик кыла албаганында, элдин өкүлү эмес, саясий партиялардын өкүлү болуп калганында. Ал эми саясий партиялар калктын калың катмарынан эмес, Ак үйдөн учуп чыгып атканы жалганбы? Жакынкы жылдары бир партиянын көпчүлүк добушка ээ болуп келип, өкмөттү куроо мүмкүнчүлүгү жокко эсе жана ага эч ким кызыкдар да эмес. Анткени, жоопкерчиликти эч кимиси алгысы келбейт.

Өткөн президенттик шайлоого шайлоочулардын жарымынан көбү катышканы, 2010 жылдан берки саясий өнөктүктө жарандар жигердүүлүгүн көрсөттү. Миллонго жакын чет жерде жүргөн жарандарыбыздын укугун тебелебей, добуш берүүгө шарт түзүп бергенде, шайлоочулардын саны кыйла көп болмок. Демек, өзгөрүүнү, жаңыланууну көксөгөн жарандар президенттике талапкерлерге добуштарын берүү менен башкаруу бийлигин да кыйыр тандашты. Президенттин алган добушу ЖКги беш паритяныкын кошкондо да кыйла көптүк кыларын эске алсак, шайлоочулардын добушу, үнү, ишеними чечичүү мааниге ээ болгон системанын эрежеси бузулуп, азчылыгы көпчүлүктүн укугун тескеп калганын кандай түшүнсөк болот? Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдар көпчүлүктөн колдоо тапагандай эле партиялык системанын 8 жылдык өмүрүнө, баскан жолуна да коомчулук канагаттанбаган баасын берди көрүнөт.

Анткени, партиялык системанын талабына элдин менталитети, мүдөө-талабы жооп бере албайт же тескерисинче. Бул кыргыздарга гана мүнөздүү көрүнүш эмес, тектеш коңшу элдерге да таандык десем аша чапкандык болбос. Коңшулар бизден эрте отурукташып, хандык бийликти баштарынан кечиришкенден президенттик башкаруу улана бериши мүмкүн. Ал эми биздин уруу-урууга бөлүнгөн көчмөндүк турмушка, саясий атаандаштыка негизделген көп партиялуулуктун формасын гана окшоштуруп алып, иллюзияга алдырып, өрөпкүп келебиз. Кана саясий атаандаштык, системалык оппозиция? Ошондуктан президенттик бийликти тең салмактап гана эмес керек болсо шайлап, багыт берип, көзөмөлдөп турчуу, менталитетибизге ылайык кыргыз демократиясы- Элдик Курултай институтун киргизүү керек.

Курултай эң оболу элдин биримдигин, тилектештигин чыңап, мамлекетүүлүкө болгон аң-сезимин ойготуп, жоопкерчилигин арттырат. Балким келечекте Курултайды партиялык система алмаштырышы мүмкүн бирок, бүгүнкү саясий режим коомду коргошундай уютпай, тескерисинче таруудай чачыратып, бийлигин узартып, сактап калгысы келген саясий элитанын, бир ууч топтун кызыкчылыгына гана жооп берип калганы ачык көрүнүп турбайбы. Элдин мүдөө-талабына жооп бербеген саясий системада жоопкерсиздик өкүм сүрүп, бийлик менен коомдун ажырымы чоңоюп, коррупцияны таяныч-тирөөч кылган режимдин үстөмдүгү күч алып, саясий туруксуздук орун алып, өнүгүү мындай турсун өлбөстүн күнү кечип калат.

Коррупцияга каршы күрөш аяоосуз жүрсө партиялык системага да сокку болот. “Мышык акпы көкпү, чычкан алса болгону” деп Дэн Сяопин айткандай элге чычкан алган башкаруу бийлиги керек эмеспи. Чычкан алганга С.Жээнбеков жөндөмдүүбү, саясий эрки жетеби (?) деген суроого коомчулук жооп издеп үмүт менен кароого аргасыз. Ооба, С.Жээнбековго эгемен мамлекетибиздин жаңы тарыхы, аты алтын тамгалар менен жазылып калгыдай чоң мүмкүнчүлүктү жаратуу менен талапты да катуу коюп турат. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдалана алабы же эски көчтү улайбы убакыт көрсөтөөр бирок, көчтүн сапары эбак карыганы, убакыттан да уттурганы, көчтү улоо опурталдуу экенин ошол эле тарыхыбыз тастыктап турат.

Булак: «Майдан.kg»

Последние новости