www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жер ээн болсо бөрү дөбөгө чыгат" дегендей эл унчукпай койсо булар кыргызды каалагандай калчап, улуттук өзөгүбүзгө доо кетирип жатышат”, - деди бүгүн, 16-мартта NazarNews.kg маалымат агенттигине тележурналист Сонунбүбү Кадырова.
- Сонунбүбү эже, НПОлорго жана Азаттыкка каршы болгон жүрүштүн максаты Азаттыкты жаап, НПОлорду жоюубу?
- Кыргызда сөз бар: “Жаманды коногу бийлейт” деген. Отуз жылдан бери нарк билбеген жамандар эл башына келип, элдин таламын талашып, арка бел боло албагандыгы үчүн сырттан келген арам ойлуу бузук саясат өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип, акыры аял кишилерди жылаңачтап, кыздарыбызды бузуку жолго салып, байыртан келе жаткан ата-эне нускасына доо кетирип жатышат. Бул бузуку иштин башында албетте, “Азаттык” менен Батыштан каржыланган НПОлор турат. Ошондуктан улуттук наркты туу тутуп келе жаткан уюмдар баш кошуп, өз көз карашыбызды билдирип коюу максатында “Ата Бейиттен” баштап Жеңиш аянтына чейин авто жүрүш, Жеңиш аянтынан Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш жасадык. Ала-Тоо аянтында максаттарыбызды талкуулап, жогорку бийлик органдарына кайрылуу жасадык. "Жер ээн болсо бөрү дөбөгө чыгат" дегендей эл унчукпай койсо булар кыргызды каалагандай калчап, улуттук өзөгүбүзгө доо кетирип жатышат.
- Бул жүрүш референдум жана Конституциянын кабыл алынышына каршы болгон анти жүрүш эмеспи?
- Бул анти жүрүш эмес. Эл бузарлар жоюлмайынча элдин башын айланта берет. Ошон үчүн биротоло буларды жаап салыш керек деген талап койдук. Анткени, бизге мындай ээн баш, ээн чокулардын кереги жок. Буларды ким колдосо улуттун душманы деген ураандар менен чыгып, элдин ыркын кетирип, коомду бузгандардан тазалануу зарылчылыгы жаралганына токтолдук.
- Эми НПО менен Американын көз карашын жактагандар силерге каршы чыкпайбы?
- Ошондой болушу да мүмкүн. Булар кичине каршы сүйлөп койсоң докчу катындай “Ой, дат эле ой, дат! Мени өлтүргөнү жатат” деп, океандын ары жагына чуркайт эмеспи. Бирок, чынын айтсам, алар каршы чыгат экен деп коркуп отура турган эч ким жок. Каршы чыкса чыксын. Ошондуктан бийликке биз да кайрылуу жасадык. Элдин арасында эсти оодарган шумдуктар болуп жатса бир “кой, ай!” деген жан жок. Булардыкы туура болсо туура десин, туура эмес болсо эреже-мыйзамдар менен ооздуктап ордуна койсун.
Анткени, биз качан ата салтына, эне наркына түшкөнүбүздө бизди башка элдер эл катары тааныйт. Бир дагы өлкөдө жергиликтүү эл башка жактан келген бузукуларга бизчелик тепселенди болгон жок. Жөн койсо балтыр бит башка чыгып, үй бүлө түзүлүшүнө доо кетирип жатат. Ошон үчүн өлкөдө улуттук идеология иштелип чыгып, колго алынышы керек. Ал бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы.
Булак: NazarNews.kg