www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 120 миллион 227 миңден ашты. Буга Джон Хопкинс университетинин статистикасы билдирди. 

Акыркы сутка ичинде дүйнө жүзүндө коронавирустук инфекциянын 391 миң 231 жаңы учурлары аныкталып, 7 миң 110 бейтап каза болду.

Коронавирустун жайылуусунда АКШ (29,495,421), Бразилия (11,519,609), Индия (11,409,831), Россия (4,350,728) жана Улуу Британия (4,276,840) алдыда.

Коронавирустан дүйнө жүзү боюнча 2 660 721 адам каза болду.

АКШда 535,628 , Бразилияда 279,286, Мексикада 194,944, Индияда 158,856 жана Улуу Британияда 125,817 адам каза тапты. 

Кытайда коронавирустун биринчи очогу болуп, ушул кезге чейин коронавирус менен ооруган 101 421 адам катталып, 4839 адам көз жумган.

Ушул жылдын 10-мартында Роберт Кох институтунун президенти, профессор Лотар Вилер Германияда коронавирустун үчүнчү толкуну башталгандыгын жарыялады. Анын айтымында, бул бүтүндөй Европа үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн.

ДССУнун Европадагы Аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы 2022-жылдын башында токтоп калышы мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, пандемияга байланыштуу эң оор күндөр өтүп кетти.

15-мартка карата Өзбекстанда бул илдетке чалдыккандардын саны 80 743 адамды түзөт. Учурда медициналык мекемелерде дарыланып жаткан 750 бейтаптын ичинен 141инин абалы орто, 23үнүн абалы оор.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости