www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Масадыковдой адамдар келсе бийлик күчтөнөт», - деди бүгүн, 13-июлда NazarNews маалымат агенттигине акын жана журналист Сонунбүбү Кадырова.
- Масадыковдун жооптуу кызматка дайындалганы президентибиздин кесипкөй адамдарга басым жасап, ошолорду издеп, иликтеп жатканынан кабар берет. Элдин айтымында бил жигит өз кесибин билген, куулук-шумдугу жок өз гана жолу менен түз жүргөн кыргыз мырзасы экен. Демек, ушундай адамдар келсе бийлик күчтөнөт. Иши ийгиликтүү болсун.
- Мамлекетте экинчи адамга айландым деп таасирин арттыруу үчүн интригалар менен алек болуп кетпейби?
- Албетте, интрига болбой койбойт. Адам бар жерде боло бере турган нерсе экен ал. Бирок ага азырынча негиз жок. Эл колдоп турат. Менин оюмча жулунгандар кызматка барып, бир сыйра жыдышып жатат чекесинен. Эми мындан ары кесипкөйлөр тандалат деген үмүт бар. Арасына анча-мынча шылуундар кирип кетиши мүмкүн, бирок алыс узабайт.
Себеби, тазалар көп жерде арамдын иши жүрбөйт. Бул табигаттын кыйшайгыс мыйзамы. Садыр Нургожоевичтин өзүндөй таза адамдар келе баштайт эми. Себеби, тазалар көп жерде арамдын иши жүрбөйт. Бул табигаттын кыйшайгыс мыйзамы. Буйруса, баары өз ордуна түшөт. Анан өнүгүү жолуна багыт алабыз. Система өз нугу менен сааттай чыкылдап иштей баштаган күндөргө аз калдык. Ак жолубуз ачылсын.
Булак: NazarNews.kg