www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ тарап Ооганстандагы абалдын баарын көрүп, билип туруп эле кетип жатат. Мындай пикирди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул билдирди. 

--"Акыркы окуялар АКШ баштаган коалициялык күчтөр Ооганстандан аскер күчтөрүн чыгарып кетет деп жаткан учурга туш келгени кызуу талкуу жаратып жатат. Кээ бири ошол күчтөр өздөрү атайылап ушундай кырдаалды түзүп койду десе, дагы бири АКШ аскерлери чыгып кетсе абал мындан дагы оорлошот деп жатат. Кайсы пикир жүйөлүү?

Маселени кайсы "кырынан" карасак ошого жараша жыйынтыкка келебиз. Оогандыктардын көзү менен карасак 20 жылдан бери АКШ, НАТОнун күчтөрү ошол жакта жайгашкандыгынан тажагандай көрүнүп турат. Эки тарабы тең. Эки тарап деп мен Талибан менен ооган бийлигин айтып жатам. Анткени, АКШ, НАТО 20 жыл ичинде жардам берип, бийликти талиптерден кубаттуу кылып кетебиз деген менен андай жыйынтыкка жете алышкан жок. Дохадагы былтыркы келишим боюнча биз чечтик, кетишибиз керек деп америкалыктар кетип жатат. Ооган бийлиги буга даяр эмес болчу. Ооган эли ичинен кудуңдап жатат десем жаңылышпайм. "Кетсе жакшы болот эле, эптеп-септеп ич ара тил табышып алабыз го" дегендей ойлор дагы бар.

Ушул эле маселеге Борбор Азиянын кызыкчылыгынан карасак анда бул кооптуу жагдай. АКШ тарап барын көрүп, билип туруп эле кетип жатат. Талибан алар толук чыгып кете электе эле ушундай кадамга барганы кризис абдан курчуп кетеби, таасири тиеби деп кооптондуруп жатат", - дейт Чынара Эсенгул. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости