www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы, акын, журналист Сонунбүбү Кадырованы азыркы кырдаал боюнча өз ой-пикирин билдирип оңолуу жолуна түшүү зарылдыгын белгиледи. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.
"Система. Кийинки учурда ушул сөз көп айтыла тарган болду. Баарыбыз айтабыз. Бирок, ошонун эмне экенине көпчүлүгүбүз терең маани бербейбиз. Система -түзүлүш. Майда системалар чоңго айланып, катмар-катмар болуп барып анан Аалам түзүлгөн. Бул жаратканымдын айныгыс системасы. Ал бир миллиметр да ашык-кеми жок түзүлгөн. Эгер бир жери кыйшайса эле Ааламдык чоң кыйроого учурайбыз. Ал эми ошол Ааламдык чоң системанын ичинде адамдардын акылы менен түзүлгөн системалар ааламды чоң кыйроого алып бара жатат. Биз жаратылыштын чоң системасынан чыгып, өз
эркибиз менен өлүмгө баш байлап берген коркунучтуу жаныбарларга айландык.
Өлкөбүздөгү система жөнүндө айта турган болсок алгач ошол система деген эмнелерден турарын билип алалы.
Мамлекет бир бүтүн буюм болсо анын эмнеден жана кантип жаралганын көрүшүбүз керек. Мамлекеттин бирден бир байлыгы - адамдар. Ошол адамдар өз мамлекети бар, ишенген мамлекет башкаруучулары бар, ар кимиси өз гана көйгөйү менен алек, жашоону сергек караган жарандар болуш үчүн мамлекеттик система элдин кызыкчылыгы үчүн гана кынтыксыз жана айныгыс иштеши керек. Ошондо гана жарандар мамлекттин ишине кийлигишпей өз алдынча жашап калат.
Ал үчүн мамлекет башындагы адамдын жардамчылары мамлекеттин диагнозун коюп, ден-соолугуна кам көргөн, күнүгө кан басымын текшерип турган дарыгери катары болушу зарыл. Баары бир адамдай, бир денедей ой жүгүртүп иштеши өтө маанилүү. Мисалы, мээге келген ой кол менен ишке ашкан сыяктуу.
Биздин мамлекет азыр шал. Себеби, мээ ойлогон ой колго, же бутка жетпейт. Кан жүгүрбөй баары токтоп калган. Ал кайдан пайда болду? Диагнозун чыгаралы. Бул өлкөбүз эгемендикти алган күндөн баштап жыйылып отуруп толгон оорулардын бир "пакетинен" пайда болду. Эми азыр ошол ооруну айыктыруу үчүн канды алмаштырышыбыз керек. Кан алмашпаса эч бир жерге жан кирбейт. Кан жүгүрүп, жан кирмейин өлкөбүз төшөктөн турбайт.
Жаңы кан, жаңыча ой жүгүрткөн адамдар. Алардын жаш-кары, аял-эркек, түндүк-түштүк дебей, издеп табыш өтө зарыл. Себеби, өлкөбүз бүгүн өлүм алдында. Кааласак, каалабасак да мурдагы көнүп калган стереотипти бузуп, жаңы ойлор менен ойлонуу шартында турабыз.
Элдин эски менен макул болуп, эскиден чыга албай турганы да дүйнөлүк чириген система үчүн өтө пайдалуу.
Ошондуктан, УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЗАМАНДАШТАР!!!
Биз сергек болуп, эмнени каалап жатканыбызды тактап алышыбыз керек. Себеби, азыркы биз жаман көрүп жаткан, өздөрүн элита эсептеп жүргөн бир ууч жегичтер: "Эл өзү эмнени каалап жатканын так билбейт, келесоолор! Ошентип жүрө беришсин" - дегендерин эшиткеним бар. Ойлоп көрөлү: элдин ичинде миңдеген көз караштар бар. Баары өзүнүкүн олуттуу жана туура дейт. Бирок, бирөөнүкү да ишке ашпайт. Себеби, ал ойлор, ал аракеттер чоң системанын астында алсыз, биз сормо сазда турганыбызды сезишибиз керек. Ошондуктан, эң алгач мамлекеттик системаны калыбына келтирүү учурдун кечиктирилгис талабы.
Жакында Өмүрбек Текебаевдин түрмө жөнүндө маеги чыкты. Карап турсам муну эч ким түшүнгөн жок. Демек, биздин саясий сабаттуулугубуз алда канча төмөн. Бир дагы журналист, же бир дагы аналитик түшүнүп айтып чыкпады. Ошондуктан дагы Өмүрбек мырза мамлекеттин баш мыйзамын каалагандай жазып, элдин тагдырын каалагандай калчап, баарыбыздын үстүбүздөн мыйгынынан күлүп, кыйгач басып жүрөт да. Бул адамды жаман деп айтууга болбойт. Тагдыр кыргызга берген бирден бир азамат жигит. Башынан Базар-Коргондун карапайым мугалими катары келе жаткан кундөрүнөн сыдырып карап көрчү болсок жакшы жарыкты табууга болот. Жаш, дилгир, таза айылдык мугалим келип чоң өзгөрүүнүн арасында болуп калды. Алардын ичинде жүрүп бышты. Көп нерсеге көзү каныкты. Элге кызмат кылам деп аракет кылды. Бирок, болбой эле этек-жеңин жулмалап кирген шум заман акыры өз ойлорун өзгөртүүгө, түлкүлөрдүн ичинде түлкү болууга көндүрүп жүрүп отуруп, акыры акмактардын арасындагы акылдуу алдамчыга айланды да калды.
Маегинде түрмө жөнүндө да, телефон жөнүндө да айткан эмес. Ал стандартуу ой жүгүртүүнү, ошону бузуш керек экенин айткан. Маңдайыбыздагы эле турган нерсени көрбөй көнгөн нерсеге айлана бергенибизди айткан.
Элге төмөнкүдөй кайрылгым келди:
Келиңиздер! Жакшы жашагыбыз келеби? Өзгөрөлү! Өзүбүз көнүп калган иштерди бир сыйра карап, анализдеп, ушуну туура кылып атамбы, же башка жолу деле барбы деп ой жүгүртөлү. Көнгөн нерседен баш тартуу өтө оор иш. Бирок, биз азыр сергек ой жүгүртүп, өз кызыкчылыгыбыздан чыгып кенен иш алып барбасак өлкөбүздүн көрүнүн башында өкүрүп калышыбыз мүмкүн. Анда кеч болуп калат.
Эң алгач көнгөн адаттардан кутулалы:
1. Тамак-аштын сапатына карап мамиле кылуу. Кытайдан келген ирик-чириктерден олуттуу баш тартуу;
2. Ден-соолукка зыян кийимдерден баш тартуу;
3. Дайыма укуктар менен милдеттерди бирдей алып жүрүү. Туура талап кылганды үйрөнүү;
4. Бир маселенин ар кай тарабын карап, элге пайдалуу гана жагын колдоо;
5. Өз кызыкчылыкты токтотуу;
6. . Жердешчиликти токтотуу;
7. Акчалууга сүкүт кылганды токтотуу;
8 . Отуз жылдан бери айланып жүргөн мамлекеттик кызматкерлерди көзүнө, туугандыгына, жакындыгына ж.б. карабай кызматтан четтетүү;
9. Өз план-программасы бар, мисалы, Айыл чарба министри болом деп чыккан Тилек Токтогазиевдей өз ою бар жигиттерди колдоп алып чыгуу;
МЕНИН СУНУШУМ:
Мамлекеттик системаны оңдой ала турган, олуттуу кадамдарды жасаганга аң-сезими эркин, кесипкөй инсандардан башталышы өтө маанилүү.
1. БАШ МЫЙЗАМДЫ УЛУТТУК НАРК-НУСКАНЫН ӨЗӨГҮНӨН АЛЫП ЖАЗУУ;
2. МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ СТРУКТУРАСЫН ӨЗГӨРТҮҮ;
3. МАМЛЕКЕТТИК ИДЕАЛОГИЯ ИШТЕЛИП ЧЫГЫП, БАРДЫК МАМЛЕКЕТТИК ИШТЕРДИ ОШОНУН НЕГИЗИНДЕ ЖҮРГҮЗҮҮ;
4. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИШКЕРЛЕРДИ КОЛДОО;
5. АТА-МЕКЕНДИК ТАБИГЫЙ АЗЫК - ТҮЛҮКТӨРДҮ ДҮЙНӨЛҮК БАЗАРГА АЛЫП ЧЫГУУ;
5. ЗАВОД - ФАБРИКАЛАРДЫ КУРУУ;
6. БАРДЫК МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНАЛАРДАГЫ ОРУН АЛЫП КАЛГАН ЭСКИ АДАТТАРДЫ ЖОЮП, РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛА ТУРГАН КАДРЛАРДЫ АЛЫП КЕЛҮҮ;
7. ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН БИР ЖЕРГЕ ТОПТОП, МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРУУ;
8. МЕГАКОМДУ МАМЛЕКЕТКЕ ИШТЕТҮҮ;
9. КУМ ТӨРДҮН МАСЕЛЕСИН ЧЕЧКИНДҮҮ ЖАНА АЧЫК ЧЕЧҮҮ;
10. НПОлорду жоюу;
11. МЕНЧИК ИШКАНАЛАРДЫ МАМЛЕКЕТТИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН КАРМАНУУСУН КӨЗӨМӨЛДӨӨ;
Бул жерде ойлор жумуру гана берилди. Майдалап, чечмеленсе чоң бир долбоор болот. Азырынча сөздүн өзөгү ушул",-деп сөзүн аяктаган Сонунбүбү Кадырова.
Булак: NazarNews.kg