www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстанда прессага ишенишет жана ага кулак салышат себеби сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы — биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн Медиафорумунун ачылышында. Бул тууралуу Президенттин басма сөз аппаратынан билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөдө мамлекеттик да, көз карандысыз да ЖМКлардын күчтүү институту түзүлдү.

«Пресса бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат. Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат. Ошондуктан бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек болот. Кыргызстан — бул ачык коом», — деп билдирди Мамлекет башчысы.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости