www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасын тандоо боюнча соттук отурум өттү.
15-сентябрда Биринчи Май райондук соту Руслан Бекназаровду тергөө мөөнөтүн 2022-жылдын 12-октябрына чейин борбор калаанын СИЗО-1ге камоо менен камакка алуу чечимин чыгарган.
Жактоочулар биринчи инстанциянын чечимине нааразы болуп, Бекназаровду үй камагына чыгарууну талап кылышты. Бирок судьялар жактоочунун өтүнүчүн канааттандырбай, аны камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Ал эми бул чечимди Азимбек Бекназаров соттор жогорку жактын тапшырмасын аткарып жатат деп эсептейт.
Белгилей кетсек, буга чейин коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров ИИМ тарабынан кармалган. Мекменин расмий билдирүүсүндө суракка гана чакыртылганын айткан. Аталган орган кийинчерээк, сурактан кийин анын кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди.
Булак: NazarNews.kg