www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингге катышты деген шылтоо менен Биринчи май ИИБне камакка алынып, Биринчи май сотуна алынып келинген Садыр Жапаровдун Ренат жана Рустам деген баласын соттор уялбай, этпей эле соттоду.

Милициялардын катуу ур-тепкисине кабылып, онтогон видеосу социалдык түйүндөргө тарап, тез жардам чакырууга аргасыз болгон Ренат деген баласын айып пул салып бошотсо, Рустам деген баласын эки күнгө камоо чечимин чыгарды.

Кыскасы, бийлик бүгүн президенттикке талапкер болуп, мигранттардын каражаты менен президенттик шайлоого катышып, шайлоонун жаңы үлгүсүн көрсөтөм деген Садыр Жапаровдун өзүн эле эмес, баласын да камады. Бийлик Садыр Жапаровдон коркуп, акылга сыйбаган ушундай нерсеге жол берип, аялдарды уруп, жаш балдарды сабадыбы?

Шамил Карабала уулу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости