www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адаттагыдай салтка айланып калгандай, бирөө камалып калганда түн бир оокумга чейин УКМКнын алды кыйкырык менен бакырыкка толуп калчу. Ушул тапта аталган имараттын алды, “жылаан сыйпап, жылкы оттогондой” тыптынч турат.

Бүгүн күндүзү эле чуру-чуу түшүп, алды артын карабай качса, “арты аягына чыгабыз” деген караандын бири көрүнбөйт.

Каз-катар тизилген коёндой окшош, митингке катышкандарды колдон-буттан кармап, желкеден түртүп, аялдарды жулкулдатып көтөргөн укук коргоо органдарынын бири жок.

Карап турсаң, бүгүн эч нерсе болбогондой таризде УКМКнын алдында жымжырттык өкүм сүрүүдө.

Баса, бир канча сааттан бери УКМКда сурак берип жаткан Садыр Жапаровду күткөн адамдын карааны көрүнбөйт. Баягы эле олтургучтарда саясат менен иши жок жаштар кучакташып, сүйүү кечтерин сүрүшүүдө.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости