www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын жанына топтолгондор Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышкан.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Садыр Жапаровдун жактоочулары коомдук тартипти бузганы үчүн кармалды. Милициянын маалыматында алар УКМКнын тосмолорун бир нече жолу бузуп өтүүгө аракет кылышканы, чогулгандардын ичинен милиция кызматкерлерине желим бөтөлкө жана таш ыргыткандар болгону айтылат.

Милиция кызматкерлери митингге чогулгандарды күч колдонуу менен кууп таркатты.

"Чогулгандарга каршы ышкырма гранаттар колдонулду. Абдан агрессивдүү жаш жарандар кармалды”,-деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

УКМКнын жанына топтолгондор Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышкан. Садыр Жапаров бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” чек ара өткөрмө бекетинен өтүп келгенде, аны милиция кармап кеткен экен.

Кармалгандардын жалпы саны 68 экенин шаардык милиция жетекчиси Самат Курманкулов билдирди.Кармалгандардын жалпы саны 68 экенин шаардык милиция жетекчиси Самат Курманкулов билдирди.

Садыр Жапаровдун кармалган себеби расмий айтыла элек, айрым булактар аны Ысык-Көл областынын мурдакы башчысы Эмил Каптагаевди барымтага алуу окуясына катышы бар деген негизде кармалды деп жатышат. Садыр Жапаров көп убакыттан бери сыртта жүргөн. Анын бүгүн Бишкекке келе турганы социалдык түйүндөр аркылуу мурдатан эле байма-бай кабарланып жаткан.

Ал Бишкекке келгенде өзүнүн жактоочулары менен Горький эстелигинин жанында жолугушмак болуп жаткан. Анын кармалганын уккан жактоочулары жапырт УКМКнын имаратына барышып, Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышкан.

Кармалгандар шаардын Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди. Алардын жалпы саны 68 экенин шаардык милиция жетекчиси Самат Курманкулов кечинде болгон маалымат жыйында билдирди.

Кармалгандардын ичинде укук коргоочу Турсунбек Акун дагы бар. Ал Би-Би-Сиге кармалгандардын ичинде төрт-бешөө милициядан таяк жеп, жаракат алганын айтты.

Булак: "bbc.com"

Последние новости