www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетинин жыйынында: «эгерде пенсия саясатын өзгөртсөк, эки жылдан кийин пенсия төлөй турганга эч нерсебиз калбай калат» деп билдирди.
Ошол жерде Соцфонддун башчысы айтып атпайбы: «Пенсионерлердин саны тездик менен өсүп жатат, майыптардын саны да андан кем эмес өсүүдө. Пенсия төлөөгө каражатыбыз эки-үч жылга жетет, анан кризис башталат»-деп. Э, кокуй, ошондо эмне пенсионерлер менен майыптарды «кырыш» керекпи? Же пенсионерлер менен майыптардын саны өспөш үчүн пенсия жашына жетпей жок болуш керекпи? Тагдыр ошондой болуп же бөөдө кырсыктан майып болуп калгандары үчүн майып адамдарда эмне күнөө? Карылар менен майыптарды мынчалык таарынткан Кудайга деле жакпаган иш го? Аларды эмес, ошондой адамдарын, коомдун аярлуу катмарына камкордук көрө албаган мамлекеттеги жооптуу кызматкерлерди «каргаса» болмок андан көрө. Же анда биз туура эмес түшүнүп алдыкпы? Эл алдында, пенсионерлер менен майыптардын алдында ошо айтканыңызды дагы бир жолу кайталап коюңузчу, урматтуу Медер Эсенгулович?
Булак: "Айгай"