www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, айрым суроолорго жооп алды.

-Каныбек мырза, экс-президент Атамбаевдин китеп сатып байыганына ишенбегендер четтен чыгат.  Кыргызстанда китеп сатып байыса болобу?

-Китеп сатып байыгам десе да, эмне деп актанса да анын кантип байып кеткени баарыбызга белгилүү эле болуп калбадыбы. Анын ордуна байлыгын айтып мактанганын токтотсо жакшы болот эле. Элдин жакырчылык фонунда байлыкты сөз кылуунун өзү эле жеңил ойлуулук, да!

-Фарид Ниязовдун аты “Вечерний Бишкектин” айланасында чыга баштады. Эми аны да камоо аракети башталбайбы?

-Вечерканы жаңыдан "жалмай" башташканда эле ЖКнын комитетинде бул басмачылык деп айттым эле. Дал ошондой эле болуптур. Кийинки муунду тарбиялоо максатында, мындай баскынчылыкты катуу жазалоо керек. Болбосо коомго аба менен суудай зарыл болгон сөз эркиндигинен ажырап калабыз!

-Атамбаевдин шайлоо кассасы боюнча айткан маалыматын ИИМ текшере баштаптыр. Бирок, эсеп жагынан отчёт бере турган эсепчиси өмүрүм коркунучта деп уулу менен Кыргызстандан чыгып кетиптир. Анын чыгып кетиши ким үчүн пайдалуу болду?

-ИИМдин бул маалыматты  текшерүүгө алганы эң туура. Биринчи кезекте анын качып кеткени Атамбаев үчүн пайдалуу болду. Алар айткан суммалар далилденбей коомдо түрдүү пикир жаралат.  Эгер Атамбаев айткан маалымат чын болсо, эсепчисин качырып жибербей алар өздөрү тергөөгө көмөк кылышса, маалыматтын чыны бышыгы аныкталмак. Кандай болгон күндө да президенттик шайлоо өттү, эл кабыл алды. Эми өнүгүү жолуна кадам кылбайлыбы? Күндө бирдемени чыгарып алып, артка кетенчиктей бербей. Негизи лидерлердин жакырчылыктын фонунда конфронтацияга барып жаткандары опурталдуу болуп турат!

-Президент экс-спикер, экс-премьер-министрлерди кабыл алды. Кыргызстанды сазга батырган адамдардан кандай акыл чыкмак эле деп алардын акылын угам деп чакырган президентти  сындай башташты. Экстерден президент күткөн акыл чыгабы?

-Президент коомчулуктун бардык катмарларын кабыл алганы жакшы. Эл башы ошондой кылганы сонун эле иш. Эми сөз ошол экстерде калды. Элге көрүнүп сүйлөп коюу менен эле чектелбей реалдуу көмөк кылышабы? Кеп ошондо. Кээ бир сунуштар жүйөлүү болду. Бирок, өздөрүн көрсөтүштүн кулу болгондорду да эл билип койду. Мындай жолугушууларда экономиканы көтөрүүгө басым болсо гана бул иш чара өз максатына жетет!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости