www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окурманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.
Сиздерге алыскы Италиядан жазып жатам. Үй-бүлөлүүмүн 2 балам бар. Жолдошум Бишкекте күзөтчү болуп кичи маркеттердин биринде эмгектенет. Менин жоктон бар кылгым келген кыялым бизди карызга белчебизден батырды. Биз жашаган жаңы конушга кичинекей дүкөн ача салам, жер-жемиш, тоок этин бышырып сатам баарына жалгыз жетишем деген куру кыялдарым үчүн азыр эки балам менен жолдошум жооп берип олтурат. Кредит ала салалы деп кайын журтумду да көндүргөн мен элем. Алар мага ишенип кепилдик берүүчү адам катары кайынэнем кредит алып берди. Ишибиздин башталышы жакшы эле болуп кележаткандай болгон.
Көрсө мен так эсептей албай карыздарымды дагы көбөйтүп алыпмын. Кичинекей кыялым үчүн күрөшкөн мен баарын сазга тыктым. Убагында кредиттин проценттерин сала албай банк кайын журтумдун айылдагы үйүн тартып алды. Базардан дүкөнгө майда-чүйдө алып келген карыздарым мени издеп калышты. Ошол маалда курбу кызымдын эжеси Италияда эле. Курбу кызым бир күнү ушинтип эле жүрө бересиңби, эжем жакында келгени жатат, сен анын ордуна иштеп кел жакшы акча таап 1-жылда жаңы иш баштап аласың, оңой жумуш карыган бир кемпирди багат экен сен анын эбин бат эле таап кетесиң деп калды. Мен анын айткандарын туура көрүп өзүмдүн төркүнүмдөн акча сурап учакка билет алдым. Билет алган соң гана жолдошума айттым. Жолдошум башында каршы болуп жатты, бирок мен аны алдап көндүрдүм.
Ошентип Италияга келдим. Чынында эле жумуш жакшы эле экен мен кемпирге көнүп кеттим. Анын жалгыз 50дөн ашып калган баласы бар экен. Ал үй-бүлөлүү болуп өзүнчө жашайт . Курбумдун эжеси мага кетип жатып баарын түшүндүрүп словарь китеп таштап кеткен. Ошону жаттап атып алып кел, жардам бер, дегенди түшүнүп бара-бара 50% сөздөрүн түшүнүп калдым. Ошол маалда кемпирдин баласы бат-баттан каттачу болуп калды үйгө. Эч ким менен сүйлөшпөй буулуккан мен аны менен чер жазышып сырдашам. Бир күнү ал мага мен үчүн күтүүсүз сунуш киргизди. Ал аялы менен таарынышып жүргөнүн, таарынышып жүргөн аралыкта анын да балдарын карап берүүмдү, маянамды жогорулатып берээрин айтты. Мен эч ойлонбостон макулдугумду бердим. Ошентип бир жыл билинбей өтүп кетти. Мен мекенге жөнөй турчу күн жакындап калды. Мен мекениме кетем деп кам көргөн сайын балдарым сага көнүп калды, апам кантет сен жок деп мени кожоюнум кетиргиси жок.
Жолдошум менен балдарымдын зарыгып жүргөнү көз алдыма элестеп, ичимден кыялданып коём мекениме барсам эле, “кой оозунан чөп албаган” момун жолдошумдун айтканын кылып, андан үнүмдү бийик көтөрбөй ал каалаган аял болом деп. Кудай тилегимди берип жакшы акча топтоп алдым. Кайын журтумдан кечирим сурап, төркүнүмдөн кечирим сурап өзүмдүн жакшы мүнөзүмдү көрсөтүп мындан кийинки жашоомду күйөөмө жана балдарыма арнайм. Кожоюнумду болсо аялың менен тезирээк жараш мен да үй-бүлөмдү сагындым деп айласын алты кылып жатам.
1 жыл аралыгында күйөөмдүн кадырын чындап билдим. Кээ бир учурларда ашынган амбицияга алдырбай аялдар пас болуп койсо көп жамандыктын алдын алат экенбиз. Көпчүлүк өзүн күчтүү сезген айымдар, кээ бир жерден күйөөнүн айтканын угуп алсыз болуп койсоңуздар.. Мен кетирген кемчиликтер кайталанбаса дейм башка үй-бүлөлөрдө.
Булак: NazarNews.kg