www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайлардын ысымы коюлган мектеп боюнча коомдо еызуу талкуу жүрүп жатат. Талкууга чекит коюп Нургазы Рысалиев төмөнкүлөрдү билдирген.
- Сиздер талкуу кылып жаткан Чаткал районунун Чакмак-Суу айылындагы Чакмак-Суу жалпы негизги билим берүүчү мектебинин алдындагы илинип турган көрнөк алынып салынган.
Биздин мугалимдер Кытайдын саясатын жүргүзүшпөйт. Балдарыбыз эли жерин сүйгөн мекенчил балдардан болуп тарбияланышып жатышат. Башка улуттун өкүлдөрүнүн биздин жерибизге, элибизге үстөмдүк кылуусун каалабайбыз.
Арабызда Кытайдын формаларын кийип алып, котур ташын койнуна катып жүргөн инсандар көп. Көрнөктө мектеп "Кичи Чаарат" ЖААКтын жардамы менен курулган деген гана мазмунда жазылган. Эч кандай кытайларга тийиштүү наам ысым жазылган эмес,-деди Рысалиев.
Булак: NazarNews.kg