www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын саны аябагандай эле өскөнүн статкому да, медиктер өздөрү да айтып жатышат. Убагында ушул маселе боюнча Сапар Исаковдун өкмөтү Россиялык «Газпромнефть» компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүп, Россия тараптан кардиологиялык багытта баасы 12 миллион долларлык грант берилмей болот. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн акыркы стадиясы да бүтөт. Бирок, андан бери бир жылга жакын убакыт өттү. Кыргыз өкмөтүнүн шалаакылыгынанбы, айтоор дайны жок. Бул туурасында парламенттин трибунасынан андагы жыйынга келген саламаттыкты сактоо министринин орун басарынан депутаттар ал гранттын дайын-дарегин сурашса да саламаттыктын замминистри Мадамин Каратаев да «билбейм, не себептен токтоп калганын» деп атпайбы. Элдин саламаттыгын сактайм деген башчиновник билбесе, анда ким билет?
Булак: "Айгай"