www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин ишенимине кирип, кайда иштесе да, артынан чуулуу кептерди ээрчите жүргөн Тайырбек Сарпашовдун дайыны чыкпай кетти го. Коррупция менен күрөштү максат кылган бийликтин көзүнө чалдыгып калбайын деп кооптонуп жүргөн көрүнөт. Болбосо экс-президенттин тушунда армансыз эле бир кызматтан экинчи кызматка секирик жасап, майлуу-сүттүү кызматтарды аркалап, болушунча тайраңдаган. Бирок, дарегине сындар байма-бай айтылып, нааразычылыктар күчөгөндө кылмыш ишин козгомуш болушкан. Анткен менен, көп өтпөй козголгон кылмыш иши да кыскарып, күч түзүмдөрү илинчек таба албай койгон да маалымат чыккан.
Азыркы бийлик шек санаса азыр деле токтогон, кыскартылган кылмыш иштерин жандантып, керек болсо камап деле жатат го. Атамбаевдин айтканын ашыгы менен аткарып, элдин баары нааразы болгонуна карабай паспорттогу улуту деген графаны алып берген Тайырбек Сарпашовду неге аяп жатышат.
Булак: NazarNews.kg