www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кыздардын мушташы тууралуу видеотасма боюнча иликтѳѳ иштерин жүргүзүп, анын катышуучуларын аныктады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 21-ноябрда, болжол менен саат 11.00дѳрдѳ болгон. Видеотасмада бети канап, жабырланып жаткан кыз Ош шаарынын мектептеринин биринин 11-классынын окуучусу, 16 жашта экени такталды.
Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн жашоочусу, ал да 16 жашта. Алгачкы маалыматтарга караганда, мурда жаш экендигине карабастан ал эки ирет: уурулук жана бейбаштык боюнча соттолгон. Учурда дагы бир уурулук иши Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каралып жаткан. Апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Мурда Ош шаарында жашап, кийин Отуз-Адыр айылдык аймагына кѳчүп кетишкен. Экѳѳнүн мушташын смартфон аркылуу видеого тарткан отуз-адырлык кыздын курбусу, 17 жашта, эч жерде окубайт. Өзүнүн кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда 15 жашынан медреседе окуп, сокур ичеги болуп калгандыгына байланыштуу таштап койгон. Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда жашайт, апасы жалгыз эрезеге жеткирген.
Кичинекей кыздардын кылыгы ушул болсо, өз алдынча жашоо турмуш курса кандай келин, кандай эне болот деп жакасын кармангандар жок эмес...
Бул окуя кыздарга сабак болот деген ойдобуз.
Булак: NazarNews.kg