www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судясы Э. Ч. жана башка аталган соттун кызматкерлерине карата сотко чейинки иликтөө иштери башталды.
КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Соттор кеңешинин Дисциплинардык комиссиясынын Октябрь райондук сотунун судьясы Э. Ч.га жана аталган райондук соттун башка кызматкерлерине карата чечимин кароонун натыйжасында Башкы прокурор Ө. Жамшитовдун тапшырмасы боюнча аларга сотко чейинки иликтөө иштери башталды.
Белгилей кетүүчү жагдай, судья Э. Ч. жана башка сот органында иштеген кызматкерлер 2015-2018-жылдардын аралыгында айдоочулардан мас абалында, маңзат чегип алып жана башка сергек эмес абалда машина айдап, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган 4 млн. 711 миң сом административдик айыппулду алдамчылык жол менен өздөрүнө ыйгарып алышкан.
Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды.
Булак: NazarNews.kg