www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн апта соӊунда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы кызмат ордуна жаңы шайланган жана ТҮРКПАнын мөөнөттөгү төрагасы Мустафа Шентоп баштагаган делегация Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин төрагасы Октай Асадов жана парламент өкүлдөрү менен бирге Азербайжан Республикасынын Бакы шаарында жайгашкан ТҮРКПА Катчылыгында болушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы 2019-жылы Түркиянын төрагалыгы учурунда жүргүзүлүп жаткан жана келечекте уюштурула турган иш-чаралар боюнча маалымат берди. Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда парламентик кызматташтыкты жана өз ара пайдалуу диалогду өнүктүрүүдө Ассамблеянын ишин жогору баалады.

Белгилей кетсек, Түркия парламентинин төрагасынын орун басары Мустафа Шентоп 2019-жылдын 24-февралында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы болуп шайланган. Буга чейин Түркия Парламентинин төрагасы болуп иштеп келген Биналы Йылдырым «Адилет жана өнүгүү» партиясынан Стамбул шаарынын мэрлигине талапкер катары көрсөтүлгөндөн кийин парламент төрагалыгынан баш тарткан.

Эске салсак, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы 2008-жылы 21-ноябырда Түркиянын Стамбул шаарындага Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламент башчылары тарабынан кол коюлган Стамбул Макулдашуусуна ылайык түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости