www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спикер Мамытов кытайча сүйлөй алабы?

Жомокто төрт Мамыт бар: куюн Мамыт, сөз ташыгыч Мамыт, калдаң кулак Мамыт, жер чукур Мамыт. Ушул төрт наамга тең эгедер спикер Мамытов Бээжинге барып бээжиреп келди. Ал жерде Кытай - Борбор Азия кызматташтык форуму болуп өттү. Ачылыш аземинде  Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов форумдун ардактуу коногу катары видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөдү. Төрага - Кытай менен кызматташууга Кыргызстан артыкчылык берээрин баса белгилеп, кыргыз тарап Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан коюлган Глобалдык өнүгүү демилгеси жана Глобалдык коопсуздук демилгеси сыяктуу маанилүү концепцияларды колдой турганын белгиледи. Ал тараптардын мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташтыгына ишенимин билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле жалпы өнүгүүгө көмөктөшүү жана заманбап чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу боюнча аймактык кызматташууну, ошондой эле акыркы 30 жылда аялдарды өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен иштердин жыйынтыктарын талкуулашты.
Иш-чаранын соңунда IX Кытай - Борбор Азия кызматташуу форумунун жыйынтыгы боюнча демилге кабыл алынды.
Жакында болуп өткөн Орусиядагы жолугушууда Орусия менен эки тараптуу кызматташуу, дипломатия айдыңындагы маселелерди айтууну мында кой, мигранттардын көйгөйлөрүн коргоодо спикер Талант Мамытов тыңгылыктуу орусча сүйлөй албаса, эл аралык коомчулукка уят болуп атса, аргасыздан баш чайкайт экенсин.
Билим деңгээли пас тура, эмнеге Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланды? Ар бир фракцияда ички-тышкы саясатты терең түшүнгөн, билимдүү, тажрыйбалуу депутаттар бар. Тандоо иретинде алардын бирин көтөрбөдүк. Баягы эле кол «ийрисине тарткан» өзүмчүлдүк менен Мамытовду төргө отургузуп, аягында сырткы коомчулукка кыргыз элин уят кылууга жетиштик.
«Кыргыз парламентинин төрагасы ушундай чайналган байкуш болсо, калгандары аман болсун!» дегендей ишара жаралып атпайбы, туурабы? Эмнеге татыктууларды тандай албайбыз? Сокур саясатка чекит коюлса...
Кыргызстандын спикерлери
Орозбеков Абдыкадыр (1927-37); Шамурзин Султанкул (1937-38); Салихов Мурат (1938.02-05); Толубаев Асаналы (1938-43), Токобаев Молдогазы (1943- 45); Кулатов Төрөбай (1945-78), Ибраимов Султан (1978.09-12), Дүйшеев Арстанбек (1979-81); Кошоев Темирбек Кудайбергенович (1981 -87); Акматов Таштанбек (1987-90); Масалиев Апсамат (1990-91); Шеримкулов Медеткан (1991-92); Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97); Myкамбаев Усуп (1997-2000); Матубраимов Алмамбет (1997-1998); Эркебаев Абдыганы (1998-2005); Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005); Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006); Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007); Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007); Тагаев Айтибай (2008-2009); Курманов Зайнидин (2009 -2010); Келдибеков Ахматбек (2010-2011); Жээнбеков Асылбек Шарипович (2011-2016); Турсунбеков Чыныбай (2016-2017); Жумабеков Дастан (2017-2020). Мыктыбек Абдылдаев, Канат Исаев (2020), Талант Мамытов (2020-жылдан)
Мамдуманын жана СССРдин спикерлери
С. А. Муромцев (кадет) - 27 апрель (10 май) 1906 жыл- 8 июль 1906-жыл; Ф. А. Головин – 1907-жылы 20- февралдан 3 -июнга чейин; Н. А. Хомяков (октябрист) — 1 ноябрь 1907 - 4 март 1910; А. И. Гучков (октябрист) - 29 октябрь 1910 - 14 март 1911; М. В. Родзянко (октябрист) - 22 март 1911 - февраль 1917 ; Каменев Лев Борисович (27 октябрь (9 ноябрь) — 8(21) ноябрь 1917); Свердлов Яков Михайлович (8(21) ноябрь 1917 — 16 март 1919); Владимирский Михаил Фёдорович ( м.а.16 март 1919 — 30 март 1919); Калинин Михаил Иванович (30 март 1919 — 19 март 1946); Шверник Николай Михайлович (19 март 1946 — 15 март 1953); Ворошилов Климент Ефримович (15 март 1953 — 7 май 1960); Брежнев Леонид Ильич (май 1960 — 15 июль 1964); Микоян Анастас Иванович (15 июль 1964 — 9 декабрь 1965); Подгорный Николай Викторович (9 декабрь 1965 — 16 июнь 1977); Брежнев Леонид Ильич (16 июнь 1977 — 10 ноябрь 1982); Кузнецов Василий Васильевич (м.а. 10 ноябрь 1982 — 16 июнь 1983, 9 февраль 1984 — 11 апрель 1984, 10 март 1985 — 2 июль 1985); Андропов Юрий Владимирович (16 июнь 1983 — 9 февраль 1984); Черненко Константин Устинович (11 апрель 1984—10 март 1985); Громыко Андрей Андреевич (2 июль 1985 — 1 октябрь 1988); Горбачёв Михаил Сергеевич (1 октябрь 1988 — 1990).

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости