www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-августта Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 8-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда үч жолу соттолгон, учурда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №31- мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-жылы туулган Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды. Ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп "зомбулук көрсөтөм" деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.

Кармалган О.у.Н. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости