www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 36 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл жыл аягына чейин курулуп жаткан мектептердин 20сы пайдаланууга берилет.
Кечээ президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Кыргызстан айылындагы №18 "Манас-1000" жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушу менен таанышты.
Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, бул мектептин курулушу 2019-жылы башталып, аягына чыкпай келген. Бул жылы республикалык бюджеттен бүткөрүүгө керектүү каражат бөлүнүп, жумуш жанданган. Мектеп 275 орунга ылайыкташтырылууда.
Азыркы учурда имараттын чатыры жабылып, негизги жумуштар аяктаган. Облус башчысынын орун басары курулушка керектүү каражат ажыратылганын, сапатка өзгөчө көңүл буруп, иш ыргагын тездетүү үчүн кошумча жумушчу күч тартуу тапшырмасын берди.
Белгиленгендей, аталган мектепти ушул жылдын күз айларында пайдаланууга берүү пландалууда.
Булак: NazarNews.kg