www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Альянс Алтын” компаниясы Ички иштер министрлигине Chevrolet Nexia үлгүсүндөгү унааларды тапшырды. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унааларды тапшыруу аземине “Альянс Алтын” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Ахмед Бажаевдин айтуусунда, компаниянын башкы максаттарынын бири катары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекеттик органдарга жардам берүү эсептелет. Бул билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тутумун, андан сырткары укук коргоо органдарын колдоону түшүндүрөт.

“Бардыгыбыз-мамлекет дагы, калк дагы жана бизнес тармагы дагы Кыргызстанда ар дайым тынчтык жана тартип болуусуна кызыктар. Бул укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык камсыздалуусунан дагы көз каранды”, - деди Бажаев.

Улан Ниязбеков жыл ичинде өлкөбүздүн аймагында элдин коопсуздугун камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткаруусу үчүн жылдын башынан бери 90 ашык авто-техникалык каражаттарды алынып, жер-жердеги ички иштер органдарына берилгенин билдирди.

“Бүгүн биз “Альянс Алтын” компаниясына колдоолору үчүн ыраазычылык билдиребиз. Анткени, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, коомчулукка жат көрүнгөн ар түрдүү укук бузууларга бөгөт коюп, жардам сурап кайрылган жарандарга ыкчам көмөк көрсөтүү үчүн биринчи кезекте материалдык-техникалык жабдуулар болуусу зарыл экенин жакшы билесиздер.

Бүгүн өзүңүздөр күбө болгондой, бул унааларды Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын ички иштер бөлүмдөрүнүн ишмердиктерин жакшыртууга, элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүгө карата тапшырып жатабыз.

Элдин коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга салым кошуп келе жаткан “Альянс Алтын” ААК компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаевге ички иштер министрлигинин жана жеке өзүмдүн атыман ыраазычылыгымды билдирем”,-деди министр.

Жаңы унаалар ИИМдин кызматкерлеринин ыкчамдуулугун жогорулатып, кесиптик милдеттерин аткарууга жардам берет. Жаңы унаалардын көбү аймактардагы ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилди. Алсак, Жалал-Абад ОИИБге-4, Чүй ОИИББге-4, Ысык-Көл ОИИБге-9, ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө-1.

Андан сырткары, бүгүн ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси рейондун аймагындагы калкты тейлөө үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына милициянын көчмө кабылдамасы катары иштей турган “Газель” үлгүсүндөгү унааны тапшырды.

Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” ААК Талас облусундагы Жерүй кенинде алтын өндүрөт. 2016-жылдан бери бул аймакты өнүктүрүү үчүн 900 млн сом бөлүп берген. Долбоорлордун көбү “Альянс Алтын” компаниясынын өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости