www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын кооз жерлеринин сүрөттөрү Дубайдагы көргөзмөгө коюлат. Бул тууралуу сүрөттөрдүн автору Нурсултан Аттокуров өзүнүн Facebook баракчасына билдирди.

«Мен сиздер менен маанилүү жана жагымдуу жаңылылыкты бөлүшүүгө шашылып жатам. Менин 8 сүрөтүм алдыда Дубайда өтө турган «Экспо-2021» көргөзмөсүнө көрсөтүлүүгө жактырылды. Көргөзмө 2020-жылдан 2021-жылга жылдырылган. Батаева Элмира жана КРнын соода-өнөр жай палатасына ыраазычылыгымды билдирем. Бул мен үчүн чоң жетишкендик, анткени мен өзүмдүн сүрөттөрүмдү дүйнө жүзүнө көрсөтө алам. Жакын арада сиздерде бул сүрөттөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди сүрөтчү.

Эске сала кетсек, пандемияга байланыштуу Эл аралык көргөзмө бюросуна кирген өлкөлөр Дубайда өтүүчү «Экспо-2020» көргөзмөсүн бир жылга жылдырууга добуш беришкен.

Иш-чара 2021-жылдын 1-октябрынан 2022-жылдын 31-мартына чейин өтөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости